Үстүрт платосу

Википедия дан
Үстүрт платосу.

Үстүрт платосу - Каспий жана Арал деңизинин ортосунда жайгашкан.

Негизинен Өзбекстан менен Казакстандын аймагында. Аянты 200 миң км2. Бийикт. 370 мге (түштүк-батышында) жеткен жантайыңкы супа тоолордон турат. Чет-жакаларында бийиктиги 150 ж жана андан да ашкан тик тектирлер кездешет. Үстүрт платосу синклиналдык оюкка чөккөн байыркы Сармат деңизинин аки таш, мергель, кумдук чөкмө тектеринен түзүлгөн. Терең эмес туюк ойдуңдарында шор, такырлар, тоолорунда карст үңкүрлөрү кеңири таралган. Кен байлыктарынан нефть жана газ бар. Климаты кескин континенттик. Жылдык жаан-чачыны 100 ммден ашпайт. Чополуу шыбак жана шыбак-баялыштуу чөл басымдуу. Жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4