Жетисуу облусу
Жети-Суу облусу – (орус. Семиречинская область) 1867-жылы 11-июлда түзүлгөн администативдик-аймактык бирдик. Сырдарыя облусу менен чегарасы Кургаты жана Чүй суулары боюнча өткөн. Жети-Суу областына Түндүк Кыргызстандын бир катар аймактары – Ысык-Көл (кийин Каракол), Токмок (кийин Пишпек) уезддери да кирген. Жети-Суу 1882-жылга чейин Түркстан генерал-губернаторлугунун курамында болгон. 1882–98-жылы Талаа (Степной) – генерал-губернаторлугуна, 1899-жылдан кайрадан Түркстан генерал-губернаторлугуна баш ийген. 1917-жылга чейин «1891-жылкы Талаа эрежеси» менен башкарылган.
![]() |
---|
орус. Семиреченская область |
![]() |

Бийлик органдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акимчилик бөлүнүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акимчилик жагынан Жетисуу облусу 1867 жылы Түркстан генерал-губернаторлугунун курамында курулду. XX кылымдын башында облус 6 уездге бөлүнгөн.
№ | Уезд | Уезддик шаар | Ооданы, Аянты² |
Тургундары (1897), адам |
---|---|---|---|---|
1 | Верный | Верный (22 744 адам) | 58 330 | 223 883 |
2 | Жаркент | Жаркент (16 094 адам) | 5160 | 122 636 |
3 | Капал | Капал (6183 адам) | 69 100 | 136 421 |
4 | Лепси | Лепси (3230 адам) | 87 080 | 180 829 |
5 | Пишпек уезди | Пишпек (6615 адам) | 80 480 | 176 577 |
6 | Пржевальск | Пржевальск (8108 адам) | 47 760 | 147 517 |
1921 жылдын 1 октябрга жагдай боюнча Түркстан республикасынын курамындагы облус 7 уездден турган: Верный уезди (24 болуш), Жаркент уезди (9 болуш), Пржевальск уезди (20 болуш), Капал уезди (14 болуш), Нарын уезди (9 болуш), Токмок уезди (10 болуш).
1922 жылы 2 июнда Капал ооданы Талдыкурган болуп өзгөртүлдү.
1924 жылы 11 октябрда Орто Азиядагы кеңештик республикаларды межелеп бөлүү натыйжасында Верный уезди, Капал уезди, Жаркент уезди, Лепси уезди уезддери, жана Пишпек уездинин 3 болушуКыргыз (Казак) АСКРне берилди. Пржевальск уезди, Нарын уезди, Пишпек уезди уезддери Кыргыз АОнун курамына кирди.
Аскер губернаторлору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аты жөнү | Атагы | Кызмат убакыты |
---|---|---|
Колпаковский Герасим Алексеевич | генерал-майор (генерал-лейтенант) | |
Фриде Алексей Яковлевич | генерал-майор | |
Иванов Григорий Иванович | генерал-майор (генерал-лейтенант) | |
Ионов Михаил Ефремович | генерал-лейтенант (генерал-майор) | |
Покотило Василий Иванович | генерал-лейтенант | |
Фольбаум Михаил Александрович | генерал-лейтенант | |
Щербаков Николай Петрович | генерал-майор |
Аскер губернаторлордун жардамчылары жана облустук башкаруу төрагалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аты жөнү | Атагы | Кызмат убакыты |
---|---|---|
Озеров Алексей Федорович | полковник | |
Россицкий Евгений Андреевич | накты статтык кеңешчи | |
Ейлер Петр Константинович | генерал-майор | |
Щербинский | камер-юнкер атагында | |
Аристов Николай Александрович | коллеждик кеңешчи, кызматты аткаруучу | |
Трепов Владимир Фёдорович | коллеждик асессор, кызматты атқарушы (бекітілді 13.06.1891, сарай кеңешчиси) | |
Каталей Петр Иванович | подполковник, кызматты аткаруучу |
Вице-губернаторлор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аты жөнү | Атагы | Кызмат убакыты |
---|---|---|
Каталей Петр Иванович | подполковник | |
Осташкин Павел Петрович | коллеждик асессор (накты статтык кеңешчи) |
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
![]() |
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|