Пишпек уезди

Википедия дан

Пишпек уезди – (орус. Пишпекский уезд) Жетисуу облусунун административдик бөлүгү (1878–1924). Токмок уездинин (1867-ж. уюшулган) ордуна түзүлгөн. Уездге азыркы Кара-Балта шаарынан Балыкчыга чейинки аймагы жана Кочкор, Жумгал, Тогуз-Торо өрөөндөрү кирген. 1910-ж. үч участка (Пишпек, Беловодск, Токмок) жана 33 болуштуктан турган. 1897-ж. калкы 176, 6 миң болсо, 1910-ж. 241, 8 миңге жеткен. 1916-ж. Пишпек уезди улуттук-боштондук кыймылынын очогу болгон. Кыргыз АОнун түзүлгөндүгүнө байланыштуу 1924-жылдан Пишпек округу болуп аталып калган.

Орусия Пишпек уезди
орус. Пишпекский уезд
Пишпек уезди, Жетисуу облусу, Түркстан облусу

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]