Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Конференциясы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Конференциясы - II Дүйнөлүк согуштан кийин дүйнөдө кансыз согуш мезгилинин башталышы жана Европадагы батыш менен чыгыш блокторунун күчтүү аскердик курал-жарактарга ээ болууга умтула башташы бир эле бул континентти эмес, бүткүл дүйнө жүзүн тынчсыздандырган болчу.

Бирок акыркы 8-10 жылдын ичинде болуп өткөн саясий өзгөрүүлөр (АКШ менен Россиянын кызматташа башташы, Россия менен Кытай арасындагы келишпөөчүлүктөр, Федералдык Германия Республикасынын Чыгыш өлкөлөрү менен ымала түзүүсү) Европада курч мезгилдин жоюлушун, коопсуздуктун чыңдалышын жана кээ бир тармактарда түшүнүүчүлүк менен кызматташууну камсыз кылган. Ушул максат менен Россия узак жылдардан бери Европанын коопсуздугу жана башка өлкөлөр менен кызматташуусу темасында кандайдыр бир конференция, кеңешме уюштурулушу керек деген идеяны көтөрүп чыккан.

Батыш өлкөлөрү жана НАТО бул идеяга эч кандай каршылык көрсөтүшкөн эмес жана бул пикирди омоктуу ой жана чынчылдык катары кабыл алышкан. Бирок оңтойлуу жыйынтык чыгарына ишене алышкан эмес. Ошентсе да мындай темадагы конференцияны өткөрүү үчүн дипломатиялык жаатта өз ара байланыш түзүшкөн. Акырында, 1968-жылы НАТО Министрлер Кеңешинин Исландиянын борбору Рейкявикте өткөн кезектеги жыйналышында бул конференция тууралуу чечим чыгарышкан жана Россияга кайрылып, бул конференцияга АКШ менен Канаданын да катышуусун, алардын бетиндеги темир торду алып салуусун жана аскердик күчтөрдү азайтуу жаатында оңтойлуу иш-чараларды көрүүсүн талап кылышкан. Алар ушул шарттар орундалса, конференцияга катышууга макулдук беришкен. Эки тараптуу макулдашуулардан кийин алгач 1972- жылы ноябрь айында Хельсинкиде ар бир мамлекеттен келген өкүлдөр чогулуп, «Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Конференциясынын» даярдык иштерин башташты. Бир топ айга созулган даярдык иштери, жыйналыштар жана комиссиялык иш- чаралар бүткөндөн кийин, 1973-жылы июль айында Хельсинкиде 35 өлкөнүн тышкы иштер министрлери конференциянын алгачкы жыйына чогулушту. Бул жыйынга Европа өлкөлөрүнөн жалгыз гана Албания катышкан жок.

Лихтенштейн жана Ватикан сыяктуу аскердик күчү болбогон өлкөлөр да бул жыйынга катышты. (Жыйынга катышкан өлкөлөр: Батыш Германия, Чыгыш Германия, АКШ, Австрия, Бельгия, Болгария, Канада, Кипр, Дания, Италия, Лихтенштейн, Люксембург, Мальта, Монако, Норвегия, Голландия, Польша, Венгрия, Румыния, Англия, Сан Марино, Ватикан, Швеция, Швейцария, Чехословакия, Түркия, Россия, Югославия). Конференциянын экинчи жыйыны министрлердин чечими боюнча 1973-жылы сентябрь айында Женевада өткөрүлдү. Үч башкы комиссия жана бир канча кошумча комиссиялар техникалык иш-чараларды жасоого дайындалды. Бул иш-чаралар негизинен төмөнкүлөр болчу: Аскердик күчтөрдүн аракеттери, машыгуу аймактары жана башка максаттар тууралуу тараптар бири-бирине алдын ала кабарлашат жана кандайдыр бир коркунучтун жаралбоосу үчүн кам көрүшөт. Тараптар аскердик күчтөрүн азайтат, басма сөз жана башка органдарга жеңилдиктер жана эркиндиктер берилет, адам укуктары жана эркиндиктерине акаарат кылбайт, ар бир өлкөдө кабарлашуу жана маалыматтын жайылышын камсыз кылышат.

Жыйынтыктап айтканда, тараптар бири-бирине шек туудурбоого аракеттенишет, түрдүү улуттардын ынтымак- ырашкердикте жашашына кам көрүшөт жана түрдүү тармактардагы кызматташууну өнүктүрөт. Акырында конференция 1976-жылы июль айында Хельсинкиде болуп өткөн саммитте жыйынтыкталды. Бул жыйналышка 35 өлкөнүн өкмөт башчылары, партиялык жетекчилер жана спикерлер катышып, узак жылдар бою даярдалган 30 000 сөздүү жана 100 беттен ашкан түрдүү темадагы документтерге кол коюшту. Бул маанилүү жыйынга Түркиянын атынан Түркиянын өкмөт башчысы Сулайман Демирел баштаган делегация келип катышты. Окумуштуулар Хельсинки саммитин дүйнөнүн саясий тарыхында көптөгөн лидерлер чогулган 1815-жылкы Вена конгрессинен да чоң жыйналыш болду деп баалашууда.

Конференциялык иш-чаралардын акырында чечим чыгарылган жана саммитте кол коюлган негизги 10 тема төмөнкүлөр болчу:

  • 1. Бардык Европа өлкөлөрү бирдей эгемендикте жана бири- биринин укук менен эркиндиктерине урмат-сый менен мамиле кылат.
  • 2. Түшүнбөстүктөрдү чечүүдө коркутуп-үркүтүүгө же күч колдонууга жол берилбейт.
  • 3. Европа өлкөлөрү бири-биринин аймактык биримдигине доо кетирбегенге аракет кылышат.
  • 4. Түшүнбөстүктөр тынчтык жолу менен чечилет.
  • 5. Өлкөлөрдүн ички саясатына сырттан киришүүгө жол берилбейт.
  • 6. Адам укуктарына жана эркиндиктерине урмат-сый менен мамиле кылынат.
  • 7. Европа өлкөлөрүнүн адамдары бири-биринин каршысында бирдей укукка ээ.
  • 8-Европа өлкөлөрү арасында кызматташтык түзүлөт.
  • 9-Эл аралык укук тармагындагы чечимдер менен жоопкерчиликтер кылдаттык менен колдонулат.

Мындан башка, аскердик курал-жаракты сыноочу аймактар, бул машыгууда колдонула турган курал-жарактын өлчөмү жана абалы жөнүндө алдын ала маалымат берилет. Айрыкча кол койгон өлкөлөрдүн атуулдарынын маалымат булагы менен басма сөз органдарынын ортосундагы байланыштын жеңилдетилүүсү жана кеңейтилүүсү жөнүндөгү маалыматтар да конференциядагы документтерде белгиленген болчу. Түркия, конференцияда кол коюлган документтердин ичиндеги Кипрге байланыштуу пунктту карап чыгып, бул аралда мыйзамдуу өкмөт курулганга чейин жана бул өкмөт ушул документке кол койгонго чейин бул пунктту кабыл албастыгын жыйында билдирген.

Конференциянын акырында кол коюлган жана жарыяланган бул эң маанилүү документ Хельсинки Акыркы Ишеним Кагазы (Final Act) деп аталат. Бул документ негизинен төмөнкү бөлүмдөрдөн турат. Ал эми түрдүү чечимдер жана чаралар бул бөлүмдөргө камтылган: (Европа коопсуздугу менен байланыштуу маселелер), (Экономика, билим, технология жана чөйрө тармактарында кызматташтык), (Ак деңиздеги коопсуздук жана кызматташтыкка байланыштуу проблемалар), (Гумандуулук жана башка жааттарда кызматташтык), (Жүргүзүлүп жаткан иш- чараларды көзөмөлдөгөн конференциялар). Ар эки жылда жүргүзүлүп жаткан ар бир иш-чараны көздөн өткөрүү үчүн жыйыла турган конференциялардын алгачкысы 1978-жылдын октябрь айынан 1978-жылдын январь айына чейинки аралыкта Белградда өткөрүлгөн. II конференция 1980- жылы Мадридде өткөрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9