Мамлекеттер аралык авиация комитети

Википедия дан
IAC/MAK head office/Здание штаб-квартиры в Москве

Мамлекеттер аралык авиация комитети (англисче: Interstate Aviation Committee (IAC); орусча: Межгосударственный авиационный комитет(МАК)) – Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) жарандык авиация жана аба мейкиндигин колдонуу боюнча аткаруучу орган. 1991-жылдын 30-декабрында кол коюлган өкмөттөр аларык “Жарандык авиация жана аба мейкиндигин колдонуу боюнча макулдашуунун” негизинде түзүлгөн. Комитеттин башкы кеңсеси Москвада, Россияда, жайгашкан. 2011-жылдан бери директору – Татьяна Анодина.
Макулдашуунун мүчө-өлкөлөрү: Азербайжан Республикасы, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Грузия, Казахстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Молдова Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан, Украина. Латвия жана Эстония байкоочу макамына ээ.
Учактар, аба майдандар жана авиакомпанияларды сертификациялаштыруу ишин жүргүзөт. Комитеттин Авиарегистрин толтурат. Макулдашуунун мүчө–өлкөлөрдүн аймагында учак кырсыктары боюнча тергөө жүргүзүүгө укуктуу.
Кээ бир учурларда тергөөлөрдүн жыйынтыктарына ишеним көрсөтүлгөн эмес.Бул аба кырсыктар боюнча корутундулар сындалган же күмөндүү деп саналган:
- 1997-жылдын 6 декабрында Россия Федерациясынын Аскердик аба күчтөрүнүн Ан-124 учагы Иркутск-Фанранг рейсинде,
- 2006-жылдын 3 майында Armavia компаниясынын А-320 учагы Ереван-Сочи рейсинде,
- 2006-жылдын 9-июлунда S7 Airlines компаниясынын А-310 учагы Москва- Иркутск рейсинде, - 2010-жылдын 10-апрелинде Ту-154М учагы Варшава-Смоленск рейсинде.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]