Маңгыстоо облусу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Маңгыстоо областы.

Маңгыстоо областыКазакстандагы административдик бирдик. 1973-жылы уюшулган. 1988–90-жылдары Атырау областынын курамына кирген. 1990-жылдан кайрадан өз алдынча облус. Аянты 165,7 миң км2. Калкы 349, 6 миң (2004); калкынын негизин казактар (83,0%), орустар (14,8%) түзөт, ошондой эле кыргыз, украин, азербайжан, лезгин, татар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2ге 2,1 киши. Шаар калкы 80,3%. Ири шаарлары: Ак-Тоо (мурдагы Шевченко), Жаңы-Өзөн, Форт-Шевченко. Борбору – Ак-Тоо (мурдагы Шевченко). Каспий бою ойдуңунан жана Үстүрт платосунун батыш бөлүгүнөн орун алган. Батышынан Каспий деңизи менен чулганат. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы –3°С, июлдуку 26°С. Жылдык жаан-чачыны 120–160 мм. Туруктуу дарыясы жок, бирок жер астындагы суунун запасы мол. Күрөң топурактуу. Бадал аралашкан шыбак-баялыштуу чөл өсүмдүктөрү өсөт. Областтын аймагы кен байлыктарга бай. Экономикасынын негизин газ жана нефть (59 кени бар; ирилери: Өзөн, Жетибай, Калемкаш, Теңге, Ташболот ж. б.) түзөт, ошондой эле таш-үлүлдөр казылып алынат. Балык кармалып, беленделет. Жаңы-Өзөн – Атырау – Самара нефть кууру салынган. Темир жолунун узундугу 700 км, автомобиль жолунуку 2 миң кмден ашык. Жаңы-Өзөн – Бейнеу газ кууру Орто Азияга кеткен газ кууруна кошулат. Газ иштетүүчү, пластмасса заводдору, АЭС, деңиз суусун тазалоочу, курулуш материалдар, тамак-аш (анын ичинде сүт) өнөр жай ишканалары иштейт. Өнөр жай борборлору: Жаңы-Өзөн, Форт-Шевченко, Жетибай. Облуста университет, политехникалык институт, колледждер, музыкалык жана спорт мектептери, китепканалар, маданият үйлөрү, музейлер, облустук филармония, санитардык-эпидемиологиялык станциясы бар. Кара-көл кою, жылкы, төө асыралып, үй куштары багылат. Каспий деңизинде кеме жүрөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]