Менам-Чао-Прая

Википедия дан
Менам-Чао-Прая ойдуңу.

Менам-Чао-Прая тай. แม่น้ำเจ้าพระยา, Менам – Индикытай жарым аралындагы дарыя, Тайланддагы дарыялардын эң чоңу. узундугу 1200 кмдей (негизги куймасы – Пинг дарыясынын башатынан 1500 км), алабынын аянты 150 миң км2дей. Өлкөнүн түндүгүндөгү тоолордон башталып, Менам ойдуңу аркылуу агып, түштүк Кытай деңизинин Сиам булуңуна куярда дельтаны пайда кылат. Жамгырдан куралат, режими муссондук. Жайында суусу мол, орточо чыгымы төмөнкү агымында 2700 м3/секдай. Негизинен шалы талаалары сугарылат. Чатынан 400 кмге (Пинг дарыясынын чатына чейин), суу кирген маалда 750 кмге (Уттарадит шаарына дейре) кеме жүрөт. Сал агызылат. Дельтасында Бангкок шаары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]