Пинг

Википедия дан
Пинг.

Пинг – Тай мамлекетиндеги (Тайланд) дарыя, Менам Чао-Прая дарыясынын он куймасы. Узундугу 800 кмдей, алабынын аянты 46 миң км2. Танетаунжи кырка тоосунан башталып, төмөн жагында Менам ойдуңу аркылуу агат. Жайында суусу мол болот. Негизинен сугатка пайдаланылат. ГЭС, Бхумифол суу сактагычы (узундугу 125 км) бар. Боюнда Чианмай шаары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]