Хайфон

Википедия дан

Хайфон - Вьетнамдын түндүк-чыгышындагы шаар.

Хонгха Дельта экономикалык районунун адм. борбору. Түштүк-Кытай деңизинин Бакбо булуңунда, Хонгха (Кызыл) дарыянын дельтасында жайгашкан деңиз порту. Шаар айланасы менен борборго баш ийген өзгөчө адм. бирдик. Калкы 2,0 млн (2013). Т. ж. бекети. Эл аралык аэропорту бар. Ири соода, өнөр жай борбору. Машина куруу (кеме куруу жана автомобиль ремонттоо ж. б.), нефть-химиялык, тамак-аш, текстиль, цемент ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Салттуу кол өнөрчүлүгү өнүккөн. Балык кармалат. Театр, Нгхе храмы, эс алуу парктары ж. б. бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4