Тангеранг
Тангеранг – Индонезиядагы шаар, Бантен провинциясында. Ява аралынын түндүк-батышында. Калкы 1,8 млн (2010). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн борбору Жакарта шаарынын жандоочусу. Миңдеген өнөр жай заводдору түрдүү тармакты камтыйт. Музейлер, тарыхый эстеликтер, аквапарк ж. б. бар. Шаар аркылуу Жакарта – Мераге (Иран) автомобиль магистралы (төлөм алынат) өтөт. Шаарда улуттук авиа каттамдын штаб-квартирасы жайгашкан. Туризм өнүккөн.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9