Кванттык теория

Википедия дан

Кванттык теория – илимде микродүйнө объектилеринин түзүлүшүн, кыймылын жана өз ара аракеттешүүсүн окутуп-үйрөтүүчү физикалык теория. Ал кванттык механика, кванттык статистика жана кванттык электрдинамика бөлүмдөрүн камтыйт. Электрондордун жана жарык кванттарынын касиеттеринин дал келишин изилдөө кванттык теорияны түзүүгө алып келген. Кванттык теориянын өнүгүүсүнүн алгачкы этаптары: А. Эйнштейндин фотоэлектр эффектисин түшүндүрүүсү, фотондордун таралуусу боюнча А. Комптондун нурлануунун кванттык мүнөзүн ачып көрсөтүүсү. Ал эми Н. Бордун теориясы, Ж. Франк менен Г. Герцтин тажрыйбалары атомдун нурлануусунун кванттык мүнөздөмөсүн далилдеген. Теориянын өнүгүшүнүн кийинки этабы микробөлүкчөлөрдүн толкундук касиетин байкоо менен иш жүзүнө ашат. 1924-жылы франциялык физик Луи де Бройль бөлүкчөлөрдүн корпускулалык абалынан тышкары дагы толкундук касиети тууралуу айткан. Дүйнөлүк окумуштуулар M. Лауэ, У. Томсон, К. Девиссон жана Л. Жермердин тажрыйбалары бөлүкчөлөрдүн толкундук касиетин далилдөөчү дифракция кубулушуна арналган. Кванттык теорияда материянын туруктуулугу жана өзгөрмөлүүлүгү, дискреттүүлүгү жана үзгүлтүксүздүгү анын негизги касиеттери болуп эсептелет. Кванттык теорияда микробөлүкчөлөрдүн кыймылы координаталардын жана убакыттын бир катар функциялары [х, y, z, t] аркылуу жазылат). Эркин микробөлүкчөлөрдүн негизги мүнөздөөчүлөрү энергия (Е) жана импульс (р). Кванттык теорияда закондордун негизги айырмачылыктары – символдордун сандар менен эмес, абстракттуу математикалык түшүнүктөр – операторлор менен белгилениши. Классикалык теориядан айырмаланган жаңы түшүнүктөр, башкача айтканда материянын корпускулалык (дискреттүү) жана толкундук (үзгүлтүксүз) касиеттери келип чыгат. Бул атомдук процесстерди жазуудагы жаңы ыкма болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]