Кванттык механика

Википедия дан

Кванттык механика, толкун механикасы – микробөлүкчөлөрдүн (мисалы, атом, молекула, кристалл электрондору) кыймыл закондорун жана түшүндүрүү ыкмаларын аныктоочу физикалык теория; кванттык теориянын негизги бөлүмдөрүнүн бири. Кванттык механика атом структурасын, спектрин жана элементтердин мезгилдүү системасын биринчи жолу түшүндүрүүгө, химиялык байланыштын табиятын аныктоого мүмкүндүк берди.

20-кылымдын башында Ньютон классикалык механикасы менен электр-магниттик талаанын классикалык теориясынын жоболору жарыктын зат менен өз ара аракеттенишине жана атомдо болуучу процесстерге колдонулбай тургандыгын аныктаган. Бул процесстерди жаңы теориянын негизинде түшүндүрүү үчүн жүргүзгөн аракеттердин натыйжасы кванттык механиканын закондорун ачууга алып келди. Квант түшүнүгүн физикага биринчи жолу М. Планк жылуулук чыгаруу теориясына арналган илимий эмгегинде киргизген (1900). Макроскопиялык нерселердин касиеттери аларды түзгөн бөлүкчөлөрдүн кыймылы жана өз ара аракеттери менен аныкталат. Кванттык механиканын закондору ядро энергетикасын, кванттык электрониканын жана башкаларды түшүндүрүүнүн негизи болуп эсептелет. Классикалык механиканын теориясынан айырмаланып, кванттык механикада бардык бөлүкчөлөр корпускулалык жана толкундук (дуализм) касиетке ээ деп эсептелет. Кванттык механика каралуучу микробөлүкчөлөрдүн (мисалы, атом электрондорунун) энергиясы дискреттүү (үзгүлтүксүз) деп далилденет. Кванттык системанын абалы толкундук функция менен чечмеленет, ал функциянын модулунун квадраты системанын берилген абалынын ыктымалдуулугун жана ал маанинин чоңдугун аныктайт. Кванттык механикада бардык эле физикалык чоңдуктар бир убакта так мааниге ээ болбойт деген натыйжа келип чыгат. Толкун функциясы бөлүкчөлөрдүн дифракциясын түшүндүрүүчү суперпозиция принцибине баш иет. Кванттык теориянын өзгөчөлүгү – көпчүлүк физикалык чоңдуктардын мүмкүн болуучу маанилеринин дискреттүүлүгү, мисалы, атом электрондорунун энергиясы, кыймыл санынын моменти жана анын ар кандай багытка проекциясы жана башка кванттык механикада Планк туруктуулугу (h) негизги мааниге ээ, ал – кубулуштарды туура түшүндүрүү үчүн классикалык физика же кванттык теорияны колдонуларын аныктоочу негизги табият масштабынын (ченинин) бири. Эгер физикалык кубулуш классикалык физика менен түшүндүрүлсө, анда h=0. Бөлүкчөлөрдүн ылдамдыгын жарык ылдамдыгынан аз учурду караштыруучу релятивдик эмес кванттык механика карама-каршылыксыз толук теория болуп эсептелет. Кванттык механиканын закондору көптөгөн макроскопиялык кубулуштарды түшүндүрүүнүн негизи болуп эсептелет. Мисалы, катуу нерселердин көптөгөн касиеттерин түшүнүүгө, өтө өткөрүмдүүлүк кубулушун, ферромагнетизмди, өтө агуучулукту жана башка түшүндүрүүгө мүмкүндүк берди. Кванттык механиканын закондорунун негизинде ядро энергиясы, кванттык электроника түшүндүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]