Макс Планк

Википедия дан
Макс Планк (1901)

Макс Карл Эрнст Людвиг Планк (нем. Max Karl Ernst Ludwig Planck; 1858-жыл 23-апрель, Кил - 1947-жыл 4-октябрь, Гөттинген) ― немис физик-теоретиги, кванттык физиканын негиздөөчүсү, химия боюнча Нобел (1918-жылы) жана башка сыйлыктардын ээси. Нурлануунун термодинамикалык теориясы боюнча абстрактуу кара нерсенин спектринде энергиянын бөлүнүшүн (Планк нурлануу мыйзамы), физикалык туруктуу ― Планк туруктуулугун аныктаган. Пруссия илимдер академиясынын (1894-жылы), бир катар чет элдик илимий коомдордун жана илим академияларынын мүчөсү. Көп жылдар бою немис илимин жетектөөчүлөрдүн бири болгон.

Студент кезинде эле термодинамикага кызыккан. Анын электр магнетизм, акустика, оптика, кинетикалык теория, физиканын философиялык теориялары боюнча сикирген эмгеги зор. Планктын илимий эмгектери термодинамикага, термал радиация теориясына, кванттык теорияга, өзгөчө салыштырмалуулук теориясына, оптикага арналган. Ал энтропиянын жогорулоосу принциби түрүндө термодинамиканын экинчи башталышын түзгөн жана муну физикалык химиянын ар кандай маселелерин чечүү үчүн колдонгон. Тең салмактуу термал радиация маселесине электродинамика менен термодинамиканын методдорун пайдаланып кубаттуулуктун абсолюттук кара нерсе спектринде бөлүнүшү тууралуу мыйзамды тапкан (Планк формуласы) жана бул мыйзамды кубаттулук кванттары жана кыймыл кванты жөнүндө түшүнүктөрдү киргизип, негиздеген. Бул жетишкендик кванттык физиканын өнүгүшүнө чыйыр салган. Кийинки жылдары мунун ар түрдүү аспектилери иштелип чыккан (Планктын «экинчи теориясы», фазалык мейкиндиктин түзүм маселеси, кванттык тутумдардын статистикалык механикасы ж.б.). Планк биринчи жолу релятивисттик бөлүкчөнүн динамикасынын теңдемесин чыгарып, релятивисттик термодинамиканын пайдубалын түптөгөн. Планктын бир нече эмгеги илимдин тарыхый, методологиялык жана философиялык өңүттөрүнө арналган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мюнхен жана Берлин университеттеринен окуган (1874―1878-жылдары)
  • Берлин ИАнын мүчөсү (1894; секретары, 1912―1943-жылдары)
  • Санкт-Питербург ИАнын кореспондент-мүчөсү (1913-жылы)
  • Нобель сыйлыгы лауреаты (1918-жылы)
  • СССР ИАнын ардактуу мүчөсү (1926-жылы).
  • Лондон король коомунун мүчөсү (1926-жылы).
  • Император Вильгельм коомунун (1948-жылдан Макс Планк коому) президенти.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.