Нобель сыйлыгы

Википедия дан
Нобель сыйлыгы

Нобель сыйлыгы (англ. Nobel Prize) - академикалык, маданий же илимий жетишкендиктер үчүн шведдик жана норвегиялык институттар тарабынан бир нече категориялар боюнча жыл сайын ыйгарылган эл аралык сыйлыктардын жыйындысы.

Сыйлыктар шведдик ойлоп табуучу Алфред Нобельдин керээзи менен 1895-жылы негизделген. Химия, адабият, тынчтык, физика жана физиология же медицина тармагындагы сыйлыктар биринчи жолу 1901-жылы ыйгарылган. 1980-жылга чейинки медалдар 23 карат алтындан чегилген, андан кийин 18 карат жашыл алтындан куюлуп, 24 карат алтын менен капталган. 1901-жылдан 2016-жылга чейин Нобель сыйлыктары жана экономика илимдери боюнча сыйлыктар 911 адам менен уюмдарга 579 жолу ыйгарылган. Айрымдары Нобель сыйлыгын бир нече жолу алып, жалпы 23 уюмду жана 881 инсанды түзгөн.

Сыйлык тапшыруу аземдери жыл сайын Шведциянын Стокголм жергесинде болуп өтөт (Норвегиянын Осло жергесиндеги тынчтык сыйлыгын эске албаганда). Ар бир сыйлык ээси же лауреат бир алтын медал, диплом жана Нобель фонду тарабынан белгиленген бир суммадагы акчаны алат. (2017-жылга карата, ар бир сыйлык SEK 8,000,000 же 920,000 АКШ долларына, €823.000, £716.000 же CNY6.630.000 барабар болгон). Нобель сыйлыгы адабият, медицина, физика, химия, тынчтык жана ошондой эле экономика илимдер тармактарында жеткиликтүү болгон эң абройлуу сыйлык деп саналат.

Швед падышалык илимдер академиясы физика, химия тармактарында Нобель сыйлыгын, экономика илимдери боюнча Sveriges Riksbank сыйлыгын ыйгарат; Каролинска институтундагы Нобель ассамблеясы физиология же медицина тармагындагы сыйлыкты тапшырат; Шведция академиясы адабият тармагындагы Нобель сыйлыгын берет; Нобель Тынчтык сыйлыгы Шведция уюму тарабынан эмес, Норвегия Нобель комитети тарабынан ыйгарылат.

Сыйлыктын келип чыгышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нобельдин керээзи боюнча калган казынасынан Нобель фондусу түзүлгөн (31 миллиондон ашык швед крону); бул каражат акцияга, заёмго жана облигацияга айландырылып, алардан түшкөн киреше тептеӊ бешке бөлүнөт да, Нобель сыйлыгы катары физика, химия, физиология же медицина жана адабият жаатындагы мыкты эмгек авторлоруна жана тынчтык чыӊдоого эмгеги өткөндөргө берилет. 1968- жылы Швециянын мамлекеттик банкы өзүнүн 300- жылдык тоюнда Нобелдин урматына жыл сайын экономика илим жаатына да берилчү сыйлык бекитти. Нобель сыйлыгы Альфред Нобелдин сүрөтү бар алтын медаль, диплом жана акчадан (30- 70 миӊ доллар) турат.

Сыйлыкты ыйгаруу тартиби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нобель сыйлыгын ыйгаруу А.Нобельдин керээзине ылайык Стокгольмдогу Король ИАга (физика, химия, экономика боюнча), Король Каролин мед.- хирургия институтуна (физиология же медицина боюнча) жана Швед академиясына (адабият боюнча), Норвегия парламентинин Нобель комитетине (тынчтыкты чындоо иши боюнча) тапшырылган. Нобель сыйлыгы кандидаттардын расасына, улутуна, динине жана жынысына карабастан ыйгарылат. Нобель сыйлыгынын тынчтыкты чындагандарга берилчүсүнөн башкасы бир кишиге бир гана жолу берилет. Өтө баалуу ийгилик жаратышканы үчүн М.Склодовская-Кюри (1903, 1911), Л.Полинг (1956, 1972) гана эки мертебе берилген.

Кандидаттар жеке адамдар гана (Нобель сыйлыгынын лауреаттары) тарабынан көрсөтүлүп, кийинки жылдын 1-февралына чейин тийиштүү комитеттерге жиберилет. Көрсөтүлгөн иштерди талкулоо жана аларга добуш берүү өтө жашырын өтөт. Басма сөзгө Нобель сыйлыгын ыйгаруу жөнүндөгү чечим менен мотивировка гана жарыяланат. Даттануулар чечимге таасир тийгизе албайт жана чечим жоюлбайт.

Нобель сыйлыгын тапшыруу салтанаты 10- декабрда, Нобель каза болгон күнү, Стокгольм менен Ослодо өткөрүлөт. Салт боюнча Швед королу Стокгольмдо лауреаттарга алтын медаль тапшырат, ал эми Норвегия королу Ослодо салтанатка катышып отурат. Нобель сыйлыгынын жаӊы лауреаты алты ай аралыгында Стокгольмдо же Ослодо өз тематикасы боюнча популяр лекция окууга тийиш. Нобель сыйлыгы 1901- жылдан бериле баштаган. 1978- жылга чейин 340тан ашуун адамга ыйгарылган.

Нобель сыйлыгынын атактуу лауреаттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нобель сыйлыгынын атактуу лауреаттары: Вильгельм Рентген (1901), Макс Планк (1918), Алберт Эйнштейн (1921), Нильс Бор (1922), П. Дирак, Эрвин Шрөдингер (1933), Энрико Ферми (1938), Михаил Александрович Шолохов (1965) ж.б.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргыз Совет энциклопедиясы», 4- бөлүм (Л-П), 424- бет, Фрунзе 1979- жыл.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]