Мазмунга өтүү

Михаил Шолохов

Википедия дан
Михаил Александрович Шолохов‎»‎ барагынан багытталды)

Михаил Александрович Шолохов (1905-жыл 11 (24)-май, Аскердик Дон Облусунун Донецк аймагынын Кружилин хутору (азыркы Ростов облусунун Шолохов району) – 1984-жыл 21-февраль, Ростов облусунун Вешенская станицасы) – советтик орус жазуучусу жана киноценарист, журналист, аскер кабарчысы, СССР ИАнын академиги (1939), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1967, 1980).

Чыгармалары 1923-жылдан жарыялана баштаган. 1926-ж. жарык көргөн «Дон аңгемелери» жана «Көгүлтүр талаа» алгачкы аңгемелер жыйнактарында Дондогу жарандык согуш, айыгышкан тап күрөшү, кыштактагы социалдык өзгөрүүлөр чагылдырылган. 1925-ж. «Тынч Дон» (1-4-китеп, 1928-40; СССР мамлекеттик сыйл., 1941) романын жазууга киришкен. Романда элдин тагдыры менен жеке адамдын байланышы, тарыхый зарылчылык жана жол тандоо эркиндиги, трагедиялуу кагылыштардын чыгышына себеп болгон тарыхый кырдаалдар жөнүндөгү социалдык жана психологиялык маселелер курч драматизмде баяндалат. «Көтөрүлгөн дың» (1-2-китеп, 1932-59; Лениндик сыйл., 1960 - кыргызчасы 1965) романында коллективдештирүү мезгилиндеги кыштактагы турмуш сүрөттөлгөн. Улуу Ата Мекен согуш жылдары «Дондо», «Түштүктө», «Казактар» ж. б. очерктеринде, «Жек көрүү илими» (1942), «Адамдын тагдыры» (1956-57) ангемелеринде, «Алар Ата Журт деп салгылашкан» (1969; кыргызчасы - 1975) романында элдин каарман күрөшү кеңири чагылдырылган. Чыгармалары дүйнөнүн көп тилдеринде а. и. кыргыз тилине да которулган. Алты Ленин, Октябрь Революциясы ордендери жана медалдар менен сыйланган. Нобель сыйл. лауреаты (1965).

Өмүр таржымалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шолохов 1965-жылы "Орусиянын өткөөл мезгилиндеги дон казактары тууралуу эпостогу күчтүү көркөмдүк жана бүтүндүк үчүн" адабият боюнча Нобель сыйлыгына татыктуу болгон. Шолохов "Нобель" сыйлыгын СССРдин башкармалыгынын макулдугу менен алган жалгыз советтик жазуучу болуп саналат. Михаил Шолохов сыйлыкты тапшырган VI Густав Адолфко жүгүнгөн эмес. Кээ бир булактарга караганда, бул атайы кылынган жана бул тууралуу мындай деген: "Биз, казактар, эч кимге жүгүнбөйбүз. Элге макул, бирок падышага мен эч качан жүгүнбөйм, сөз бүттү..."

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4