Эрвин Шрөдингер

Википедия дан
Эрвин Шрөдингер (1933).

Эрвин Рудолф Йосеф Александр Шрөдингер (нем. Erwin Rudolf Josef Alexander Schrödinger; 1887-жыл 12-август — 1961-жыл 4-январь) -- ысымы кээде Эрвин Шродингер же Эрвин Шроедингер деп жазылган, Нобел сыйлыгынын уткан австриялык физик болгон. Ал кванттык теория тармагындагы көптөгөн фундаменталдык натыйжаларды өнүктүргөн. Алар толкун механикасынын негизин түзгөн. Ал толкун теңдемесин формулировкалаган (туруктуу жана убакыттан көз каранды Шрөдингер теңдемеси), жасалмалуулук жана матрица механикасынын өнүктүргөнүн аныктап берген. Шрөдингер толкун функциясынын физикалык маанисинин оригиналдуу чечмеленишин сунуштаган.

Шрөдингердин мышыгы.

Андан тышкары, ал физиканын ар түрдүү тармактарындагы көптөгөн эмгектердин автору болгон: статистикалык механика, термодинамика, диэлектриканын физикасы, түс теориясы, электродинамика, жалпы салыштырмалуулук, космология багытында эмгектерди жаратып, тармактагы бирдиктүү теорияны түзүүгө бир нече жолу аракет кылган. Өзүнүн "Жашоо деген эмне?" (англ. What Is Life?) аттуу китебинде Шрөдингер жашоонун кубулушуна физиканын көзү менен карап, генетика тармагындагы суроолорду козгогон. Ал илимдин, байыркы жана чыгыш философиялык түшүнүктөрдүн, этиканын, диндин философиялык аспектилерине өтө көп көңүл бурган. Ошондой эле, философия жана теориялык биология багытында жазган. Ал "Шрөдингердин мышыгы" аттуу ой жүгүртүү эксперименти менен белгилүү.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]