Планк нурлануу мыйзамы

Википедия дан

Планк нурлануу мыйзамы, Планк формуласы ― белгилүү температурада тең салмактуу нурлануу спектринде энергиянын бөлүштүрүлүш мыйзамы. Кванттык энергия гипотезасынын негизинде 1900-ж. М. Планк ачкан. Планк формуласы боюнча абсолюттук кара нерсенин нурлануу жөндөмдүүлүгү (Е) анын нурлануу жыштыгына (v) жана абсолюттук температурага (Т) көз каранды: 2nh v3 Кт = — мында, h - Планк туруктуулугу, с - жарыктын вакуумдагы ылдамдыгы, k - Больцман туруктуулугу. Планк нурлануу мыйзамынан тен салмактуу нурлануунун башка мыйзамдары ― Стефан-Больцман, Вин мыйзамдары келип чыгат. Планк нурлануу мыйзамы эксперименттик маанилер менен дал келет. Алардын негизинде ысытылган нерселердин температурасын аныктоого жардам берүүчү пирометр колдонулат. Планк нурлануу мыйзамын нурлануусу тең салмактуу болгон атомдор үчүн кванттык өтүүнү кароодо А. Эйнштейн теория жүзүндө далилденген (1916-жылы).

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]