Мазмунга өтүү

Акбар хан

Википедия дан
Вазир Акбар хан
Пушту امير اكبر خان
Вазир Акбар хан
Желек
Желек
Кабул эмири
Май 1842 — 1843
Андан мурунку: Шужа шах Дуррани
Андан кийинки: Дост Мухаммад хан
 
Дини: Ислам
Туулган жылы: 15-октябрь 1816-жыл
Туулган жери: Мазари-Шариф, Дуррани державасы
Каза болгон жылы: 1845/1847-жыл
Каза болгон жери: Дуррани империясы
Уруусу: Баракзай династиясы
Атасы: Дост Мухаммад хан

Вазир Акбар хан (15-октябрь 1816-жыл1845/1847-жыл) — Ооганстандын аскердик жана саясий ишмери. 1842-1843-жылдары Кабулдун эмири.[1][2][3]

Акбар ооган эмири Дост Мухаммаддын уулу болгон.[4] Ал 1841–1842-жылдары британ администрациясына каршы революция учурунда Кабулдагы улуттук күчтөрдү жетектеген. 1841-жылы ноябрда Кабулда британ аскерлерин курчоого алган.

1842-жылы май айында Акбар хан Кабулда Бала-Хиссарды басып алып, Ооганстандын жаңы эмири болгон. 1847-жылы сентябрда Кабулда холера оорусу күчөгөн. Акбар хан ооруга чалдыкты жана көп өтпөй каза болду.[5]