Британ империясы

Википедия дан

Британ империясыУлуу Британиянын жана анын колониялык ээликтеринин жалпысынан аталышы. Англия 12-кылымда Ирландияны, 1583-ж. Ньюфаундленд аралын каратып, 1607-ж. Түндүк Америкада (Виргиния) алгачкы колониясын негиздеген.

Британ Империясы
(англ. British Empire)

империя
1707 — 1997


Желек Герб
Ураан
«Dieu et mon droit»
кырг. Кудай жана менин укугум
Гимн
«God Save the King»
которулганда, «Кудайым, Падышаны сактай көр!»
Борбор калаа Лондон
Ири шаарлары Лондон, Дели, Калькутта, Сидней, Хоңкоң
Тил англис тили
Акча бирдиги фунт стерлинг
Аянт 33,588,365 км²
31 878 965 км² (1913)
Калк 480 000 000 киши
(Жердин 1922 жылына карата 24% түзгөн)
Сулале (династия) Виндзор
Падыша
 - 1707—1714 Анна (биринчи)
 - 1952—1997 (де-юре)
1952—азыркы учур (де-факто)
Елизавета II (аяңкы)
Өтүүчүлүк
Англия
Шотландия
Түндүк Ирландия
Вельс
Улуу Британия
Улуттар Шериктештиги

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

16-кылымдын аягы 17-кылымдын башындагы согуштарда өзүнүн башкы атаандашы Испанияга бир нече жолу катуу сокку урган. Англиянын Ост-Индия ири соода монополия компаниясы соода жүргүзүү менен гана чектелбестен, Азия менен Африкадагы мерчемдүү жерлерди ээлеп ала баштаган. 17-кылымда ошол кездеги күчтүү колониялык державалар Испанияга, Голландияга, Францияга каршы күрөштө англиялык колониячылар жеңип чыгып, Азия, Африка жана Америкада зор аймактарга ээ болушкан. 1775–83-ж. Түндүк Америкада көзкаранды эместик үчүн жүргүзүлгөн согуштун натыйжасында Англия андагы 13 колониясынан ажыраган. Бирок буга карабастан, Англия 19-кылымдын 1-жарымында Австралия, Жаңы Зеландия жана Түштүк Африканы колониялаштырууга өтөт. Соода жүргүзүү үчүн Кытайдын бир катар портторун зордук менен пайдаланып, басып алган Сянган (Гонконг) аралын кийин Кытайдагы экспансиясынын таяныч пунктуна айландырган. 19-кылымдын ортосунан баштап Улуу Британия зор аймактуу колонияларга ээ болуп, дүйнөлүк рынокто монополиялык абалга жетишкен. Британ империясында экономикалык байланыш системасы түзүлүп, колониялар сырьё берүүчү булакка жана товарларды сатып өткөрүүчү рынокко айланган. Англиянын колониялык эзүүсүнүн күчөшүнөн бир катар көтөрүлүштөр чыккан. Алардын эң ириси Индиядагы элдик көтөрүлүш (1857–59) колониячыларды Индиядагы башкаруу системасын өзгөртүүгө мажбур кылып, 1858-ж. Ост-Индия компаниясы жоюлган. 20-кылымда колониялык системанын бузулушу менен Британ империясы деген түшүнүктүн ордуна Улуттардын Британ шериктештиги түшүнүгү киргизилген, 1947-жылдан Шериктештик деп аталат. Ага Улуу Британия жана анын мурдагы көпчүлүк доминиондору жана колониялары кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]