Түндүк Ирландия

Википедия дан

Түндүк Ирландия (англ. Northern Ireland) _— Улуу Британиянын бириккен таажылыгынын акимий-саясий бөлүгү.

Түндүк Ирландия / Ольстер (тарыхый аймак)

Негизги маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ирландия а-нын түндүк-чыгыш бөлүгүн ээлейт. Аянты 14,1 миң км2. Калкы 1,8 млн (2011). Орт. жыштыгы 1 км2ге 122 киши. Адм. борбору - Белфаст ш. Ольстер Ирландиянын - этногр. тарыхый провинциясы.

Түндүк Ирландия.

Адм. аймак жактан 15 графтыктан (алардын ичинен бсы Түндүк Ирландияныкы, 9у Ольстердики) турат. Расмий тили - англис тили. Акча бирдиги - фунт стерлинг. Мамлекеттик башчысы - королева. Башкаруунун формасы - конститутциялык монархия. Мыйзам чыгаруучу органы - Түндүк Ирландия ассамблеясы. Аткаруучу органы - аткаруу комитети. 20-к. чейинки Түндүк И-нын тарыхы Ирландиянын бүткүл тарыхы менен тыгыз байланыштуу. 1921-жылкы англия-ирландия келишими боюнча Түндүк Ирландия (басылмаларда көпчүлүк учурда Ольстер деп аталат) Улуу Британиянын курамында калган. Борбордук бөлүгүндө Лох-Ней көлу (388 км2), Түндүк Ирландиянын түштүк-батышында Жогорку жана Төмөнкү Лох-Эрн көлдөр системасы жайгашкан. Эки көлдүн ортосун түздүк ээлесе, түндүк-чыгышы, түштүк-чыгышы жана батышы тоолуу.

Эң бийик жери - Морн тоосундагы Слив Донард чокусу (бийикт. 848 м). Ошондой эле Түндүк Ирландиянын аймагында Буткул дуйнөлук мурастын тизмесинин киргизилген «Гиганттар жолу» аталган табигый эстеликтер бар. Алар базальт мамыларынан туруп, бийикт. 25 -мге, диаметри 30-50 сжге жетет. Ал мындан 50-60 млн жыл мурда жанартоонун атылуусунан пайда болгон. Аянты 3800 км2. Түндүк Ирландиянын калкынын 91% и ирландиялыктар, 3,7% и англичандар, 1% и шотланддар түзөт. Динге ишенгендердин 53%и протестанттар, 44% и католиктер, 3%и атеисттер, ошондой эле ж. б. динди да тутат. Түндүк Ирландия эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирет. Экономикасынын негизин айыл чарба түзөт. Негизги азыгы - картөшкө. Ошондой эле сулу, арпа айдалат. Сүт, эт багытындагы мал асыралат. Түндүк Ирландияда тоо-кен өнөр жай начар өнүккөн. Аймагында күрөң көмүр, темир кенташы, боксит, коргошун жана жез кендери бар, бирок аларды өндүрүп алуу пайдасыз. Өнөр жай тармактарынан машина жана кеме куруу, жеңил өнөр жай өнүккөн. Ири порту - Белфаст. 1987-ж. «Базальт мамысы» улуттук коругу уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4