Белфаст

Википедия дан
Белфаст.

Белфаст - Улуу Британиядагы шаар. Түндүк Ирландиянын саясий жана экономикалык борбору. Ирланд деңизинин жээгинде жайгашкан. Калкы 275 миң (2005). Белфаст-Лох булуңунун жээгиндеги порт. Темир жол тоому, аэропорт, ун-т (1845-жылдан) бар. Кеме куруунун ири борбору. Машина куруу, электр-тех., прибор куруу, зыгыр, жеңил өнөржайлары иштейт. 12-к-дан белгилүү. 19-20-кылымдардын архитектура эстеликтери (собор, музей, парламент) сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4