Мухаммад Аюб хан

Википедия дан
Мухаммад Аюб хан
Пушту محمد ايوب خان
Мухаммад Аюб хан
Желек
Желек
Ооганстандын эмири
март 1880 — 31 май 1880
Андан мурунку: Мухаммад Якуб хан
Андан кийинки: Абдурахман хан
 
Дини: Ислам
Туулган жылы: 1857 жыл(1857)
Туулган жери: Кабул, Ооганстан Эмирлиги
Каза болгон жылы: 7-апрель 1914
Каза болгон жери: Лахор, Британ Индия
Мүрзөсүнүн орду: Пешавар, Пакистан
Уруусу: Баракзай династиясы
Атасы: Шер Али хан

Мухаммад Аюб хан (1857-жыл7-апрель 1914-жыл) — 19-кылымдын экинчи жарымындагы оогандык аскердик жана саясий ишмери. 1880-жылдын март-майында — Ооганистандын эмири, 1880-жылдын мартынан 1881-жылдын октябрына чейин — Гераттын эмири, 1881-жылдын июль-сентябрында — Кандагардын эмири.[1]

Мухаммед Аюб хан Ларпуранын башкаруучусу Моманд уруусундагы Саадат хандын кызынан Ооган эмири Шер Али хандын уулу болгон.

Экинчи Англия-Ооган согушунда Аюб хандын жетекчилиги астында 1880-жылдын 27-июлунда Майванд согушунда ооган аскерлери жеңишке жетишкен. Бул жеңиштен кийин Аюб хан Кандагарды курчоого алган, бирок убагында келген генерал Робертстин аскерлери менен болгон салгылашуудан кийин артка чегинүүгө аргасыз болгон.[2]

1881-жылы Аюб хан Кандагарды кайра өзүнө каратууга аракет кылган — бул жолу аны ооган эмири Абдурахмандан тартып алган, бирок ийгиликке жетпей, Персияга качып кеткен. 1888-жылы ал Британ Индияга көчүп барып, Британия өкмөтүнөн алган пенсия менен өмүрүн өткөргөн. Ал 1914-жылы Лахордо каза болгон.[3]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]