Моголдор империясы

Википедия дан
Моголдор империясы.

Моголдор империясы, Улуу Моголдор империясы (ар. ﻮل....ﻣﻐ ﺎھﺎن....ﺷ ) – моголдордун 1526-жылы 21-апрелде Дели султандыгынын (Индия) ордуна пайда болгон мамлекети. Негиздөөчүсү моңголдордун (могол) барлас уругунан чыккан Тимурдун тукуму, Захреддин Бабур болгон. Атасы Өмүр шейх өлгөндөн (1494, 9-июнь) кийин Фергананы башкарган. 1504-жылы өзбектерден куугунтукталып (Мухаммед Шейбаниге туруштук бере албай), Афганстанга качкан. 1525-жылы Бабур өзү менен кошо качып баргандардын жардамы менен Дели султандыгына чабуул коё баштаган. 1526-жылы Индстан жарым аралына толук ээлик кылып калган. Бабур көз жумган соң, Ганг менен Аму-Дарыяга чейинки ири аймак анын уулу Хумаюнга өткөн (1530–39, 1555–56), бирок иш жүзүндө бийликти афгандык Шер шахтын тукуму жүргүзгөн. Хумаюндун уулу Акбардын тушунда (1556–1605) Моголдор империясы. күч-кубаттуу мамлекетке айланган. Ал башкаруу, финансы жана аскер системасында бир катар реформаларды ишке ашырган. Акбар уулу Селимдин «Жааңгер» (1605–27), Селим уулу Жахандын (1627–57) учурунда мамлекеттик башкаруу бошоңдоп, жер-жерлерде козголоңдор чыгып, так талашуулар күчөгөн. 18-кылымдын 2-жарымында Моголдор империясы үчүн мусулмандар (негизинен Ахмед шах Дуррани башында турган афган уруулары) менен маратхлар тынымсыз күрөшүп, маратхлардын жеңиши (1789) менен аяктаган да Моголдор империясы аларга көз каранды болуп калган. 1858-жылы Англиянын Ост-Индия компаниясынын аскерлери Делини басып алып, ыдырай баштаган мамлекетти аз сандуу күч менен жеңип алган. 1858-жылы 21-сентябрда Моголдор империясы жоюлду деп жарыяланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]