Каракалпактар

Википедия дан

Каракалпактар (карак. қарақалпақлар, qaraqalpaqlar) —Өзбекстандын курамына кирген Каракалпакстандын түпкү калкы. Түрк тилдеринин генеалогиялык жиктешүүсүндө кыпчак тилдеринин кыпчак-ногой бутагында сүйлөшөт.

Қарақалпақлар, Qaraqalpaqlar
Учурда жайгашкан ареалы жана саны

Бардыгы: 825 000
Өзбекстан желегиӨзбекстан: 708 800 (2017)

Казакстан желеги Казакстан: 60 000 (2015)
Түркмөнстан: 50 000

Тили

Каракалпак тили

 кирет

түрк элдер

Тууган элдер

түрк элдер

Келип чыгышы

түрк жана моңгол элдер

Калктын жалпы саны 450 миң чамалуу (1989-ж.). Айрым бөлүктөрү Хорезм, Хива, Фергана аймактарында, Түркмөнстан, Афганистанда жашашат. Түндүк-Чыгыш, Түштүк-Батыш диалектеринде сүйлөшөт. Мусулман-суниттер.

Каракалпак, 1928.

Этногенези жана тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каракалпактардын этногенезинде сак-массагет уруулары, хазарлар, печенегдер, өгуздар өрчундуу орунду ээлешкен. Огуз-печенег уруулары чыгыштан көчүп келген кыпчактарга жуурулушкан жана анын натыйжасында кыпчак тили үстөмдүккө ээ болгон. Каракалпак уруулары Печенегдер союзуна (10-11-кк.), Кыпчак (половец) уруулук бирикмелеринин (11-13- кк.), Алтын Ордо (13-14-кк.), Чоң Ногой ордосунун (15-к.) курамдарында болушкан. 15-к. Чоң Ногой ордосунун курамында каракалпак этносунун эл болуп калыптануусу аяктаган. Чоң Ногой ордосунан каракалпактардан сырткары, көчмөн өзбектер, казактар бөлүнүп чыгышкандыгы маалым. Каракалпак тилинде булгар тилинин да таасири байкалат. Каракалпактардын кыргыздар менен этногенетикалык жана этномаданий алакалары уруулук аталыштарында, эн тамга белгилеринде, элдик оозеки чыгармаларда (дастан, жомок, жөө жомок, уламыштар жана башкалар). материалдык маданиятынын үлгүлөрүндө чагылдырылат. Кыпчак, мангыт, кытай, төрт уруу, каңды, кесек, бөрү, меркит жана башкалар уруулук аталыштары кыргыз этнонимиясында да кайталанат. Көчмөн жана жарым көчмөн каракалпактар коллективдештирүү мезгилинде жапырт отурукташууга өтүшкөн. Арал деңизи жана анын айланасындагы экологиялык кырдаал улуттун генефондуна терс таасирин тийгизүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]