Каракалпакстан Республикасы

Wikipedia дан
Каракалпакстан Республикасы
каракалп. Qaraqalpaqstan Respublikasiʻ, Қарақалпақстан Республикасы
өзб. Qoraqalpogʻiston Respublikasi, Қорақалпоғистон Республикаси
Герб
Герб
Желек
Желек
Административдик борбор

Нукус

Б.ири шаары

Кунград, Ходжейли, Беруни, Турткуль, Чимбай

Облус акими

Исмоилов, Сайфиддин Умарович

Расмий тили

каракалпак тили,өзбек тили

Калкы

1 711 800

Жыштыгы

10,15 адам/км²

Аянты

166 600 км² (1- орунда)

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Убакыт аралыгы

UTC+5

Аббревиатурасы

QR

Коду ISO 3166-2

QR

Автоунаа номурунун коду

23 (эски үлгүсү 1998—2008),
95 — 99 (жаңы үлгүсү 2008)

Расмий сайты
Координаттары: 43°10′N 58°45′E / 43.167°N 58.750°E / 43.167; 58.750 Coordinates: Parameter: "scale=" should be "scale:"

Каракалпакстан Республикасы (Каракалпа́кия, каракалп. Qaraqalpaqstan Respublikasiʻ, Қарақалпақстан Республикасы, өзб. Qoraqalpogʻiston Respublikasi, Қорақалпоғистон Республикаси[1]. Борбору — Нукус.Өзбекстандагы өзэрк (автономдук) республика Өзбекстандын батыш тарабында орун алган. Борбор калаасы - Нукус (Каракалпакча: Нөкис). Каракалпакия тарихий Харезм жерин камтыйт, аянты - 165 миң чакырым2. Калкы - 400 миң каракалпак, 400 миң өзбек жана 300 миң казак.Каракалпакстан Республикасы өзбекстандын түндүк-батышында жайлашкан. Өлкөнүн өнүккөн чөлкөмдөрүнөн кыйла алыста болгон экономикалык географиялык бул райондун аймагынан темир жол өткөндөн кийин, анын экономикалык географиялык орду кыйла жакшырды.


Тарых[оңдоо | булагын оңдоо]

Каракалпактар казактардын бир түрү катары кабыл алына алат.

Каракалпакстан, 1925-жылдын Чын куран айында, Казак Өзэрк (Автономдук) Кеңештик (Советтик) Социалисттик Республикасынын өзэрк бир бөлгүсү болчу. Бирок ошол эле өзэрк бөлгүсү 1930-жылдын Кулжа айынын 20 КСРБ (СССР) жоюлган. Эки жыл кийин (Жалган куранын 20, 1932) Өзэрк Кеңештик Социалистик Республикасы наамга ээ болгон. 1936-жылдын Бештин айында Өзбекстан КСРдин курамына киргизилген.

Тил[оңдоо | булагын оңдоо]

Каракалпакча, Кыпчак тилдердин тобундагы Казак жана Ногой топторуна жакын. Алар да биринчи арап жазуу системасында, 1928-1940-жылдар арасында латын жана кийинирек кирил тамга системасында колдолунулган.

Географиясы[оңдоо | булагын оңдоо]

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

1932-жылдагы көчмөн каракалпактар

Каракалпакстан автономдук облус катары 1925-жылы түзүлгөн. 1932-жылы автономдук республика болуп, 1936-жылы Өзбекстандын курамына кирди.Анын Өзбекстандын курамына кириши каракалпак жана Өзбек элдеринин ортосундагы эзелки достукту, аймак, тил жана маданияттагы биримдикти дагы да бекемдеди [2].

Административдик бөлүнүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Karakalpakstan map.png

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

1931-жылда Каракалпак АО 11 районго бөлүнгөн:

  • Кара-Узяк. Борбору — Кара-Узяк ссс
  • Кегейли. Борбору — Нукус киштагы (Кегейли киштагы)
  • Кипчак. Борбору — Кипчак киштагы
  • Кунград. Борбору — Кунград киштагы
  • Муйнок. Борбору — Муйнак киштагы
  • Тамды. Борбору — Тамды-Булак киштагы
  • Тахтакупыр. Борбору — Тахтакупыр киштагы
  • Төрткөл. Борбору — Төрткөл шаары (Шурахан киштагы)
  • Хожейли. Борбору — Хожейли киштагы
  • Чимбай. Борбору — Чимбай шаары
  • Шабаз. Борбору — Шейх-Абаз киштагы

1936-жылда Куйбышев району түзүлгөн[3].

Азыркы административдик бөлүнүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Каракалпакстандын административдик бөлүнүшү

Азыркы административдик бөлүнүшү[4]:

Район Өзбекче
наамы
Каракалпакча
наамы
Административдик борбору
1 Амударыя Amudaryo A’muda’rya Мангит
2 Беруний Beruniy Beruniy Беруни
10 Караузяк Qorao’zak Qarao’zek Караузяк
5 Кегейли Kegeyli Kegeyli Кегейли
9 Кунград Qo’ng’irot Qon’i’rat Кунград
8 Канлыкөл Qanliko’l Qanli’ko’l Канлыкөл
6 Мөйнок Mo’ynoq Moynaq Мөйнок
7 Нукус Nukus No’kis Акмангит
12 Тахтакупыр Taxtako’pir Taxtako’pir Тахтакупыр
13 Төрткөл To’rtko’l To’rtku’l Төрткөл
14 Ходжейли Xo’jayli Xo’jeli Ходжейли
3 Чимбай Chimboy Shi’mbay Чимбай
11 Шуманай Shumanay Shomanay Шуманай
4 Элликкала Ellikqal’a Ellikqala Бустан
Нукус шаары Nukus No’kis

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Республикада 1,711,800 жашайт(2013 жыл).[5] Калктын 1/3 бөлүгүн өзбектер(32,8 %), дээрлик ошончо бөлугун каракалпактар(32,1 %), калгандарын казактар (32,6 %), жана башка улуттун өкүлдөрү түзөт. Калктын 48,5 пайызы шаарларда, калган бөлүгү айылдарда жашайт.

Каракалпакстан ЖОЖдору[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Каракалпак мамлекеттик университети
  • Нукус мамлекеттик педагогикалы институты
  • Ташкент медициналык институтынын филиалы.
  • Ташкент информациялык технологиялык университетинин Нукус филиалы [6]
  • Ташкент мамлекеттик агрардык университети филиалы.

Шилтеме[оңдоо | булагын оңдоо]

Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]