Бухара облусу

кырг. Бухара облусу
өзб. Buxoro viloyati
Административдик борбор

Бухара

Б.ири шаары

Гиждуван, Каган, Галасия

Облус акими

Эсонов Мухиддин

Расмий тили

өзбек тили

Калкы

2 672 300

Жыштыгы

42,74 адам/км²

Аянты

39 400 км² (3- орунда)

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Аббревиатурасы

UZ-BU

Коду ISO 3166-2

UZ-BU

Автоунаа номурунун коду

БХ (1959—1991),
20 (эски үлгүсү 1998—2008),
80 - 84 (жаңы үлгүсү 2008)

Расмий сайты

Бухара облусу, (өзб. Buxoro viloyati) —облус Өзбекистандын түштүк- батыш тарабынан орун алган, жеринин көпчүлүк бөлүгүн Кызылкум чөлү ээлейт.Түркмөнстан, Наваий облусу жана Кашкадарыя облусу, ошондой эле Каракалпакстан автоном республикасы менен чектешет. Өлкө аянтынын 8,8, калкынын 5,8 пайызын түзөт. Айрым жерлерде жер асты сууларынын кыртышка жакындыгы, жаан-чачындын аздыгы, чөлдө кумдун которулушу сыяктуу терс кубулуштар жер фондунан пайдаланууда артыкбаш эмгек жана каражат талап кылат. Аныкталган табигый газдын запастары бир нече триллион кубометрди тузет. Мунайзат, курулуш материалдары, туз жана башка пайдалуу байлыктар табылган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бухара облусу 1938-жылдын 15 январь күнү негизделген.

Айыл чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бухара облусунун айыл чарбасында пахтачылык, каракөлчулук жана жибекчилик жетекчи тармактардан эсептелет. Облуста сугат жерлер көп. Машинанын жардамында сугат иштери өнүгүүдө. 188 насос станциясы курулган. Эгин аянттарынын негизги бөлүгүн пахта аянттары ээлейт. Жакынкы убакыттарга чейин пахта аянты жаңы өздөштүрүлгөн жерлер менен дан эгиндери аянтынын эсебинин кеңитилген. Бул жерде жаздын эрте келиши натыйжасында данектуу мөмө дарактарынан өрүк, шабдалы, тоо алычасы кеп таралган. Уруктуу мөмө дарактарынан алма өстүрүлөт, алмурут кийинки жылдарда көптөгөн санда тигилип жатат. Багдарчылык жана жүзүмчүлүк менен алектенген атайын чарбалар бар.

Административдик бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бухара облусунун административдик бөлүнүшү

Бухара облусу 11 туманга (район) бөлүнөт (кашанын ичинде — туман борбору жана картадагы номери):

Облустун эң чоң шаары жана административдик борбору — Бухара шаары, (264 мыңге чукул эл жашайт).

Облустун курамында 10 шаар, 3 шаар тибиндеги кыштак, 107 киштактары бар.

Шаарлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаар тибиндеги кыштактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]