Анжиян облусу

Андижан облусу‎»‎ барагынан багытталды)
кырг. Анжиян облусу
өзб. Andijon viloyati
Өлкө

Өзбекстан

Административдик борбор

Анжиян

Б.ири шаары

Асака, Ханабат, Карасу

Облус акими

Шухратбек Абдурахманов

Расмий тили

өзбек тили

Калкы

2 672 300

Жыштыгы

636,26 адам/км²

Аянты

4 240 км² (13- орунда)

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Убакыт аралыгы

UTC+5

Аббревиатурасы

UZ-AN

Коду ISO 3166-2

UZ-AN

Автоунаа номурунун коду

17 (эски үлгүсү 1998—2008),
60 — 69 (жаңы үлгүсү 2008)

Расмий сайты

Анжиян облусу (өзб. Andijon viloyati) — Өзбекстандын эң чыгыштагы облусу болуп саналат Административдик борбору — Анжиян шаары. Облустун батышы кыр-адырлардан турат, чыгышы тоо кыркаларына туташкан. Күчтүү жер титиреелер болуп турат.

Облустун эгин аянттарынын саны менен курамы көз карандысыздыктан кийин өзгөрдү. Дың жерлер жокко эсе. Пахтанын дүң түшүмү түшүмдүүлүк эсебинен гана жогорулатылат. Жашылча, картөшкө жана бакча эгиндери негизинен шаарлардын айланасында өстүрүлөт. Облуста дан эгиндери аянттарынын үлүшү да аз. Айыл чарбасында багдарчылык салмактуу орун ээлейт. Бактар жана жүзүмзарлар адырлардын эсебинен гана кеңейүүдө. Адистештирилген багдарчылык чарбалары бар.

Мал чарбасында кой менен эчкилердин үлүшү чоң. Бодо мал негизинен эт жана сүт үчүн асыралат. Жибекчилик облустун чарбасында чоң мааниге ээ.

Облуста өнөр жай да жогору деңгээлде өнүккөн. 160-тан ашуун өнөр жай ишканалары бар. Ишканалардын арасынан Анжиян автомобиль отургучтары заводу, ирригациялык машина куруу заводу жана «Семург» трикотаждык акционердик бирикмеси ири ишканалар эсептелет. Алар негизинен Анжиян өнөр жай түйүнүндө жайлашкан, облус электр энергиясын экономикалык географиялык райондун бириккен энергетика системасынан алат. Кемпир-Абад суу сактагычында кубаттуулугу 100 миң киловаттуу ГЭС курулган.

Анжиян — алгачкы мунайзат алынган борборлордон бири. Мунайзат ноо аркъшуу Ферганадагы мунайзатты кайра иштөө заводуна жиберилет. Кожоабад газы Анжиян менен Асакеге жеткирип берилет.

Административдик бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Андижан облусунун административдик бөлүнүшү

Област 14 административдик районго бөлүнөт.

Шаарлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаар тибиндеги кыштактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]