Картөшкө

Wikipedia дан
Картөшкөнүн өсүшү
Картөшкө.

Картөшкө (лат. Solánum tuberósum) – ит жүзүмдөр тукумундагы түймөк тамырлуу өсүмдүк. Негизинен Түштүк, Борбордук Америкада өсүүчү 150дөй жапайы жана эгилме 2 түрү (анд жана чили) белгилүү. Картөшкө– байыркы өсүмдүк. Картөшөнүн мекени – Түштүк Америка. Андан 16-кылымда Европага, 18-кылымда Россияга таралган. Жалбырагы жөнөкөй, 5 тилкелүү, чоң жана майда жалбырактары сабагына кезектешип, жупсуз куш канаты сымал жайгашат. Гүлү ак, көк, көгүш же кызгылт түстө. Топ гүлү – бурулча. Мөмөсү эки уялуу, көп үрөндүү жемиш. Картөшкөнүн түймөгүнүн чоңдугу жана формасы ар түрдүү, сырты ак, кызыл, сары, кызгылт, көк, ичи ак болот. Картөшкө вегетациялык жол (түймөгүнөн) менен, ошондой эле уругунан (селекция үчүн) өстүрүлөт. Картөшкөнүн вегетация мезгили түрүнө жана сортуна жараша 70–140 күн. Үрөнү жер кыртышынын жылуулугу 5–8°Сге жеткенде өнүп чыгат, аба ырайы салкын болсо, жакшы өсүп, 16–22°С температурада гүлдөйт. Жаңы өнүп чыккан, ошондой эле өсүп жетиле элек жаш сабагы –2°C суукта үшүп кетет. Картөшкө гүлдөп, түп ала баштаганда суу, сиңимдүү заттар көп керектелет. Бир га жерден 200–259 ц түшүм алыш үчүн ал аянтка 100– 175 кг азот,40–50 кг фосфор, 140–230 кг калий жер семирткичи берилет. Картөшкөдө 76,3% суу, 23,7% кургак зат, анын ичинде 17,5% крахмал, 0,5% кант, 1–2% белок, 1%че туз, С, В, В2, В6, РР, К витаминдери жана каротиноид бар. Андан 100дөн ашык ар кандай тамак-аш жасалат. Картөшкө топурактагы температура 6–8°C болгондо тигилет. Кеч тигилген картөшкөнүн түшүмү, крахмалы аз болуп калат. Отургузуш үчүн орточо чоңдуктагы (салмагы 50–80 г) картөшкө тандалып алынат. Картөшкөнү отургузуу, түптөө жана казуу үчүн атайын машиналар бар. Картөшкө тиккич машина бир эле мезгилде жер семирткич чачып, үрөндүк картөшкөнү көмөт. Ал үрөндү катарлап же чарчылап-чөнөктөп тигет. Картөшкө түптөгүч машина катар аралыгын жумшартуу менен бирге отоо чөбүнөн арылтып, өсүмдүктүн түбүнө топурак үйөт. Картөшкө казгыч машина картөшкөнү казып, топурактан жана сабагынан ажыратып, талаага таштайт. Картөшкө кол менен терилет. Бул машиналардын ар кандай маркалары бар, алар башка тракторлорго чиркелет же агрегатталат. Кыргызстандын топурак жана климаттык шарты картөшкө эгүүгө ыңгайлуу. 1870-жылдарда биринчи эгиле баштаган. Эгилме картөшкө пайда болгондон кийин гибриддештирүүнүн натыйжасында 1000дей сорту пайда болгон. Картөшкөнүн Кыргызстанда эгилүүчү негизги сорттору: Берлихинген, Искра, Лорх, Огонёк, Седов, Невский, Янтарный, Пикасо жана башка. Картөшкөнүн негизги илдеттери: фитофтороз, рак, картөшкө чириги, картөшкө нематодасы жана башка; зыянкечтери: колорадо коңузу, зым курттар, гамма көпөлөгү жана башка.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]