Каракалпак тили

Википедия дан
Расмий аталышы:

Қарақалпақ тили, Qaraqalpaq tili

Өлкөлөр:

Өзбекстан, Казакстан, Ооганстан, Орусия

Аймактар:

Каракалпакстан

Расмий статусу:

 Каракалпакстан

Колдонгондордун жалпы саны:

583 410±1 адам. (2010)

Классификациясы
Түрмөгү:

Евразия тилдери

Алтай бүлөсү

Түрк бутагы
Кыпчак тобу
Ногай-кыпчак топчосу
Жазылышы:

Латын жана Кириллица

Тилдер коду
ГОСТ 7.75–97:

кал 275

ISO 639-1:

ISO 639-2:

kaa

ISO 639-3:

kaa

Каракалпак тили (Қарақалпақ тили, Qaraqalpaq tili) — Каракалпактардын тили. Түрк тобундагы тилдердин бири. Каракалпак тили түндүк-чыгыш жана түштүк-батыш деп эки диалектиге бөлүнөт жана ал диалектилер фонетикалык өзгөчөлүктөргө ээ.

Кара калпак тили үчүн жалпы түрк тилиндеги «ч» жана «ш» тыбыштарынын «ш» жана «с» тыбышына алмашылып айтылышы мүнөздүү (мисалы, каш – «кач», бас –« баш»). Бул жагынан ногой, казак тилдерине жакын. Каракалпак тили л/д/т тыбыштары өзүнөн мурда келген үнсүз тыбыштын өзгөчөлүгүнө жараша өзгөрүлбөйт (мисалы, кыргыз – таштар; казак – тастар; каракалпактар – таслар). Каракалпак тилинде «г», «д» жумшак үнсүздөрүнүн болушу аны түрк тилдеринин огуз тобуна жакындатат. Огуз тобу каракалпак тилинин калыптанышына таасир тийгизген. Каракалпак адабий тили Улуу Октябрь социалисттик революцияясынан кийин калыптанган. Жазуусу 1928-жылга чейин араб алфавитинде, 1928–40-жылдары латын алфавитиндеги жазууда болгон. 1940жылдан орус алфавитине өткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]