Кыпчак

Wikipedia дан

Кыпчактар – орто кылымдардагы Борбордук Азиядан тараган түрк элдердин бири. Алар орто кылымдардагы күч-кубаттуу уруулук бирдик. Кыпчактар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар кытай жылбаяндамаларынан кездешет. Анда (биздин заманга чейин 201-жылы) хунндар багындырган жана алардын мамлекетинин курамына кирген «кюсше» аттуу (кытай транскрипциясында) журт катары баяндалат. Айрым булактарда «кюс-ше», «кин-ча», «хи-би-са» аталыштар менен да кезигет. Кыпчактар енисейлик кыргыздардын батыш тарабында (Иртыш) турушкан. Уйгур каганы Моюн Чурдун эстелигинде (751-жылы) кагандын түрк-кыпчактар мамлекетинде 50 жыл такта олтургандыгы баяндалат. Махмуд Кашгари Кыпчактарды кыргыз, огуз, тухси, ягма, чигил жана чаруктардай эле таза түрк тилинде сүйлөгөнүн белгилейт. Кыпчактар мусулман жазма булактарында «кыфчак», «кыбчак», орус жыл баяндарында «половец», «половцы», батыш жазма булактарында «куман», «коман» формаларында эскерилет. Түрк тилдеринин генеалогиялык классификациясында батыш хунн тобундагы кыпчак бутагынын болушу орто кылымдагы бул элдин кийинки казак, кыргыз, түркмөн, уйгур, каракалпак, татар, башкыр, кумук, карача, балкар, көчмөн өзбектер, коңурат, катаган, лакай жана башка элдердин калыптанышына чоң таасир тийгизгенин белгилейт. Болжолу, 7-кылымдын аягынан Кыпчактар Саян-Алтай тоолоруна жакын жерлерди мекендешкен же коңшу аймактардан журт которушкан. Г.Е.Грумм-Гржимайлонун кыпчак уруулары алтай динлиндеринин батыш канатын түзүшкөн, биздин заманга чейин 3-кылымда хунндар тарабынан баш ийдирилген деген көз карашын М.И.Артамонов колдоп чыккан. Бул аймак Иртыш дарыясынын жогорку жана ортоңку агымдарына чейин жеткен. Чыгыш мусулман булактарында Кыпчактар Ибн Хордадбек тарабынан алгач ирет 11-кылымда эскерилет. Бул уруулук бирикме 8–9-кылымда кимактар менен этносаясий карым- катнашта болуп турушкан. 10–11-кылымдарда Кыпчактар эки багытка – түштүккө (Мавераннахр), батышка – Волга боюна журт которушкан. Кыпчак урууларынын күч алып батышты көздөй журт которуусу печенегдерди түштүк орус талааларына көчүп кетүүгө аргасыз кылган. 11–13-кылымдарда Кыпчактар борборлошкон мамлекет түзүшпөгөнү менен Иртыштан Дунайга чейинки эбегейсиз зор аймакка үстөмдүк кылышкан, ал жерлер «Дешт и-Кыпчак» – «Кыпчак талаасы» деген ат менен белгилүү. Моңгол жапырыгынын тушунда кыпчак урууларынын бир бөлүгү басып алуучуларга баш ийип беришсе, айрымдары Паннонияга ](азыркы Венгрия), Балкан жарым аралына көчүп өтүшкөн. Батый хан негиздеген Алтын Ордонун негизги бөлүгүн кыпчак уруулары түзүшкөн жана анын батышка карай жортуулуна кыпчактар өтө жигердүүлүк менен катышкан. Шаман динин тутушкан Кыпчактардын, алар ээлеген аймактын этностук абалы бир кылка болгон эмес жана бул ири уруулук бирикме өз курамына кимак, кыргыз, печенег, булгар, хазар, берендей, истяк жана башка угрофин этнокомпоненттерин сиңиришкен. Азыркы казак, каракалпак, башкыр, лакай, кыргыз, түркмөн, алтай, ногой, крым татарлары жана башка түрк тилдүү элдердин курамындагы кыпчак уруулары эң ири этнокомпоненттер болуп эсептелет. Кыргыз тилинин калыптанып өнүгүшүндө кыпчак тили чоң таасирин тийгизген. Кыргыз тили түрк тилдеринин генеалогиялык классификациясында чыгыш хунн тобундагы кыргыз-кыпчак бутагына кирет. Кыргыздын кыпчак уруусунун курамындагы урук аталыштары, эн тамгалары менен казак-кыпчак, каракалпак-кыпчак, ногой-кыпчак, башкыр-кыпчактардын курамдарындагы этнонимдер, эн тамга белгилеринин ортосунда этногенетикалык жалпылыктар бар.