Нукус

Википедия дан

НукусӨзбекстандагы шаар (1932-жылдан). Каракалпак Республикасынын административдик борбору (1939-жылдан). Аму-Дарыянын оң өйүзүндө, төмөнкү агымында жайгашкан. Калкы 312,1 миң (2018)[1]. Темир жол бекети. Химиялык комбинаты, металл иштетүү, курулуш материал, жеңил өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (килем токулат, ганчка сүрөт тартуу) өнүккөн. Өзбекстан ИАнын филиалы, университет, педагогикалык институт, китепкана, 2 театр (музыка, комедия жана жаштар), И. В. Савицкий атындагы искусство, тарыхый край таануу музейлери бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Число постоянных жителей в Республике Каракалпакстан на 1 января 2018 года Archived 2019-03-21 at the Wayback Machine, Портал открытых данных Республики Узбекистан