Алтын Ордо

Википедия дан
Jump to navigation Jump to search

Алтын ордо – 13-к-дын 40-ж-нын башында хан Батый негиздеген феодалдык мамлекет. Алтын Ордонун бийлиги батышта – Дунайдын аягы менен Фин булуңуна чейинки, чыгышта – Ыртыш менен Обь суусунун аягына, түштүктө – Кара деңизи, Каспий деңизи жана Арал деңиздери менен Балхаш көлүнө, түндүктө орустун Новгород жерлерин камтыган. Алтын Ордонун борбору оболу Сарай-Бату (Астраханга жакын), кийин Сарай-Берке (Волгоградка жакын) болгон.

Алтын Ордо
Жучу Улусу

(тат. اولوس جوجي)

империя, ордо
1242 — 1502


Golden Horde flag 1339.svg
Желек
GoldenHorde1300.png
Борбор калаа Сарай-Берке
Болгар
Сарай-Бату
Тил Чагатай тили, Кыпчак тили, Монгол тили
Дин ислам, православ дини, католик дини
Акча бирдиги данг, пул
Аянт 6 000 000 км² (1310)
Калк 178 378 800 киши.
Сулале (династия) Чыңгыздар (Жучулар)
Хан
 - 1223—1227 Жучу хан (биринчи
 - 1432—1459 Кичи Мухаммед (аяңкы)
Өтүүчүлүк
Монгол империясы
Кырым хандыгы
Казан хандыгы (1438-1552)
Астрахань хандыгы
Сибирь хандыгы
Казак хандыгы

Чоң Ордо
Касым хандыгы
Ногой Ордосу

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

14 Мамлекет катары түпкү негизи бош, ар кошкон элден куралган, күч менен гана сакталып турган бирикме болгон. Анын курамына Итиль дарыясынын аймагындагы болгарлар, мордвалар, орустар, гректер, түркий тилде сүйлөгөн айрым элдер кирген. Көчмөн калктын басымдуу бөлүгүн кыпчактар, каңгайлар, татарлар, түрк- мөндөр, кыргыздар ж.б. түзгөн. Алтын Ордонун карамагында жашаган элдин коомдук жана маданий өнүгүү деңгээли да түрдүүчө болгон. Көчмөндөрдө чала феодалдык мамилелер, отурукташкан райондорунда феодалдык мамилелер өкүм сүргөн. Хандар карамагындагы калктарга талап-тоноо саясатын жүргүзүп, мыкты жерлерди жана жайыттарды моңгол феодалдары ээлеп, калктан үзгүлтүксүз салык алып турушкан. Шаарларда кол өнөрчүлүк өнүккөн. Алар маданияттын да борборуна айланган. Шаарларда чет жактан келген усталар иштешкен.

Мамлекеттин башында Батыйдын тукумунан чыккан хандар турган. Ал эми мамл. иштерди «беглер беги», айрым аймактарды вазирлер башкарган. Элден жыйналуучу салыкты даругдар же баскактар жыйнашкан. Мамлекеттик түзүлүшү жарым аскердик мүнөздө болгон. Анткени аскердик жаа админ. кызмат бөлүнгөн эмес. Алтын Ордонун аймагын Жучунун 14 уулу улустарга энчилеп бөлүп алган. Мис., Ак ордо улусун Жучунун уулу Ордо- Ежен башкарган. Кийинчерээк Алтын Ордонун мурасчыларынын ортосунда феодалдык согуштар чыккан. 1357–80-ж. ич ара согуштардын натыйжасында 25 хан орун алмашкан. 14-к-дын 60-ж-нда Алтын Ордодон Хорезм бөлүнүп чыгат. Бир аз өтпөй Астрахань бөлүнүп кетет. Биригишкен орус княздары 1380-ж. Куликовдогу салгылашууда чоң ийгиликке жетишет. 1395–96-ж. Тимур Алтын Ордонун аскерлерин толук талкалап, Сарай-Беркени басып алат. 15-к- дын 20-жылдары Алтын Ордонун биротоло ыдырап бузулуп, мурдагы бирикмеден Сибирь хандыгы, Ногой ордосу, Казань жана Крым хандыктары өз алдынча бөлүнүп кетет. 1480-ж. орустар моңголдордун зомбулугунан биротоло бошогон, 16-к-дын башында чоң ордо толугу менен жоюлган.

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]