Куликов салгылашы (1380)
Куликов салгылашы (1380) — Владимир жана Москванын улуу князы Дмитрий Иванович жетектеген орус аскерлери менен Мамай башында турган моңгол-татарлардын 1380-жылы Куликов талаасында салгылашуусу. Мамай Рустун Алтын Ордого көз карандылыгын күчөтүү үчүн 100—150 миңдей кол курап, Литванын, Рязандын улуу княздары менен союздашып, орустарга каршы жортуулга чыккан. Муну уккан Дмитрий Иванович 8-сентябрда резерв полкторун Дондун сол жээгиндеги Куликов талаасына жайгаштырган. Салгылаш Пересвет жана Челубей баатырлардын жекече сайышы менен башталып, андан экөө тең каза болгон. Адегенде ийгиликке татарлар жеткен, бирок Боброк-Волынец жана Владимир Андреевич жетектеген буктурмадагы орус аскерлеринин чабуулга өтүшү менен Мамайдын аскерлери жеңилген. Куликов салгылашы Алтын Ордонун кулашын тездетип, орус мамлекетин түзүүдө Москва княздыгынын ролун күчөткөн. Душманды Куликов салгылашында женген үчүн "Донской" атка конгон. 1850-жылы Кызыл-Дөбөгө Дмитрий Донскойго мамы түрүндөгү эстелик тургузулган. 1996-жылы «Куликов талаасы» аскердик-тарыхый жана жаратылыш музей-коругу уюшулган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9