Сибирь хандыгы

Википедия дан

Сибирь хандыгы, Сибирь падышалыгы - 15-16-кылымдагы Батыш Сибирдеги феодалдык, мамлекет.

Алтын ордо кулагандан кийин Тоболь, Обь, Иртыш дарыяларынын алаптарында калыптанган.

16-кылымдын башына чейин борбору - Чингил Тура (азыркы Тюмень), кийин Кашлык. Негизги калкы - сибирь татарлары аталган түрк тилдеринде сүйлөгөн уруулар (кыпчак, аргын, карлук, найман, канлы ж. б.). Ошондой эле Сибирь хандыгынын аймагын ханты, манси ж. б. элдер да мекендеген. Көчмөн мал чарбачылык, аңчылык, балыкчылык менен жан багышкан.

Сибирь хандыгынын башында Шейбанилер династиясынан феодалдар (мырза, бек, тархан) шайлаган хан турган.

Сибирь хандыгы Орто Азия, Ногой ордосу, Русь, Монголия, Казан хандыгы, Батыш Кытай менен соода жүргүзүп турган. Феодалдык, өз ара чыр-чатактардан жана түштүктөгү көчмөн уруулардын (ногой, өзбек, казак) чабуулдарынан улам Сибирь хандыгынын кээ бир уруулары өз ыктыяры менен Россиянын букаралыгына өткөн.

1555-ж. Едигер хан Москванын вассалы болгон. Бирок 1563-ж. бийликти Кучум тартып алый, Россияга каршы чыккан. 1582-ж. Кучумдун аскерлеринин Ермактын огрядынан талкаланышы, хандыктын аймагында орус чептеринин (Тобольск, Тюмень ж. б.) курулушу анын Россияга кошулушун тездеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.