Казан хандыгы (1438-1552)

Википедия дан

Казан хандыгы (1438-1552) ( тат. Казан ханлыгы, Qazan xanlığı, قزان خانلغی‎) – Орто Волга боюндагы феодалдык мамлекет. Алтын Ордодон бөлүнүп чыгып, Волга-Кама Булгариясынын аймагында түзүлгөн. Казан хандарынын династиясын Улуу Мухаммед (1438-45) негиздеген. Калкы казандык татарлар, марылар, чуваш, удмурт, мордва жана башкырттар. Дыйканчылык, кол өнөрчүлүк менен кесиптенишкен. Россия, Сибирь, Кавказ жана Чыгыш өлкөлөрү менен соода жүргүзгөн. Башкы бийликти хан жүргүзгөн. Мусулман дини зор роль ойногон. Казан хандыгы даругдарга (округдар) жана улустарга (вилайеттерге) бөлүнгөн. Аскери хандык гвардиядан, жеке феодалдардын отряддарынан, феодалдарга салык төлөгөн эркин дыйкандардан куралган. Казан хандыгы түзүлгөндөн баштап эле орус жерине жортуулдар жасап, 16-кылымдын 20-жылдары күчөгөн. Казан аскерлеринин орус жерлерине талоончулук кол салуулары ийгиликсиз аяктаган. Казан хандыгы 1487-1521-ж. Россияга, 1524-жылдан Түркияга вассалдык көз карандылыкта болгон. Казан казаттарынан (1545-52) кийин Казан хандыгы жоюлган. Орто Волга бою Россияга бириктирилген.

Географиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хандыктын аймагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарыялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаарлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тилдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казан хандыгынын калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социалдык статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экономика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аскердик күчтөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Москва мамлекети менен байланышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казанды басып алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казан хандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казан хандарынын көрүстөндөрү

Ошондой эле кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]