Касым хандыгы
Касым хандыгы – Москва княздары түзгөн уделдик княздык. Ал орустарга кызмат кылууга өткөн татар хандары үчүн атайы түзүлгөн. 15-кылымдын ортосунда Москва улуу князы Василий II Тёмный Алтын Ордо ханы Улук-Мухаммеддин уулу, Казан ханзаадасы Касымхандын урматына Городец-Мещерскийди (Хан-Керман) Касым шаары деп атаган. Касым хандыгы мещера, мордва, татарлар жана башка жашаган Ока дарыясынын аймагын (азыркы Рязань облусунун түндүк-чыгыш бөлүгү) ээлеген. Касым хандыгынын падышасына орус жарандыгына өткөн, орус падышаларынын жактыруусуна ээ болгон гана татар ак сөөктөрү дайындалган. Касым хандыгынын жеке династиясы болгон эмес. Көп учурда алар ханзаада деген эле наам менен башкарышкан. Касым хандыгы хандык наам 1570-жылдан баштап бериле баштаган жана ар кайсы мезгилде аны Чоң Ордо, Крым, Сибирь хандыктарына тийиштүү династиялардын өкүлдөрү башкарып, ага мусулман Чыңгыз тукуму гана укуктуу болгон. Казан хандыгынын Орус мамлекетине кошулушу (1552) менен Касым хандыгынын бедели төмөндөп, иш жүзүндө Москва воеводалары башкарып, падыша менен ханзаадалар аскер кызматындагы жер ээлөөчүлөргө айланган. Иван IVнүн тушунда Касым хандыгы өзүнүн саясий маанисин жоготуп, 1681-жылы өкүмдары Фатами-Султан өлгөндөн кийин биротоло жоюлган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9