Кырым хандыгы

Wikipedia дан

Кырым хандыгы – кырым татарларынын Алтын ордодон бөлүнүп чыккан (15–18-кылымдар) феодалдык мамлекети. 1239-ж. моңгол-татарлар Кырымда жашаган алан, кыпчак, славян ж. б. элдерди каратып, жарым аралдын түз жерлерин басып алган жана 13-кылымдын аягында аны өздөрүнүн туруктуу жайлоо-кыштоосуна айландырышкан. 13–14-кылымдарда Кырымда өзгөчө акимдик (борбору – Солхат) түзүлүп, 1433-ж. ич ара күрөштүн натыйжасында феодал ак сөөктөрдүн колдоосу менен Девлет-Хажи-Гирей бийликке келген. 1443-ж. Литва Улуу княздыгына таянып, ал Алтын Ордого көз карандысыз Кырым хандыгын түзгөн. Менгли-Гирей хандын тушунда (1468–1515) түрк аскерлери Кырымга басып киргенден кийин (1475), Кырым хандыгы Түркияга көз каранды хандыкка айланган. Кырым хандыгынын феодал ак сөөктөрү олжо, туткун, салык алуу үчүн 16–17-кылымдарда Россия, Украина, Польша жерлерине кол салып турган. 17–18-кылымдардагы орус-түрк согуштарында Кырым хандыгы Түркияны колдогон. Күчүк-Кайнаржы тынчтык келишими (1774) боюнча Кырым хандыгы Түркияга көз карандылыктан кутулуп, Россиянын протекторатындагы көз карандысыз хандыкка айланган. 1783-ж. Россия империясынын курамына биротоло кошулган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]