Герей династиясы

Википедия дан

Герей династиясы, (Гирей, Керей, Кирей) – Крым хандыгынын ханы (1441–66) Хажы-Герей негиздеген хандардын династиясы (15-18-кылым). 1427-ж. Алтын ордодон бөлүнүп чыгып, өз алдынча Крым хандыгы деп аталган. 1475-жылдан Түркиянын вассалы болуп эсептелинген. 1768-74-жылдардагы орус-түрк согушунан кийин Түркияга көз каранды болуудан калып, 1783-жылдан Орусия империясынын курамына кирген. Герей династиясынын ири өкүлдөрү: Давлет I Герей (1550-77), Жаныбек Герей (1610-23, 1628-35), Мехмед IV Герей (1641-44, 1654-66), Салим I Герей (1671-77, 1684-91, 1702-04) болуп эсептелет. Акыркы ханы Шахин Герей (1777-82, 1782-83) болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]