Де-факто

Википедия дан

Де-факто (лат. de facto — «чындыгында», «чынында») — Латынча сөз айкашы реалдуу абалды, актуалдуулукту билдирет. Мамлекетти же өкмөттү расмий таануунун формаларынын бири.

Терминди колдонуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Юридикалык аспектилерге карата де-юреге (юридикалык) карама-каршы катары колдонулат.  Бул контекстте де-факто – белгиленген тартипти, укуктук нормаларга же укуктук умтулууларга карабастан пайда болгон кырдаалды билдирет. Мисалы, экономика тармагында расмий түрдө бекитилгендей экономиканын белгилүү бир тармагында колдонулуучу белгилүү (де-факто) стандарттар болушу мүмкүн, бирок юридикалык жактан андай эмес.

Саясат таануу де-факто реалдуу саясий кырдаалды сүрөттөйт. Көбүнчө мамлекет же өкмөт тарабынан фактынын юридикалык жактан туура экендигин тактабастан, убактылуу, шарттуу түрдө таанууну билдирет.  Чет мамлекеттер тарабынан таанылбаганы менен мамлекеттик төңкөрүш болгондон кийин де-факто өкмөт же режим түзүлүшү мүмкүн. Таануунун бул формасы менен эл аралык мамилелерди сактоого, келишимдерди түзүүгө жана өкүлчүлүктүү сапарларды жасоого болот. Эгерде де-факто мамлекет гана таанылса, мындай мамлекет менен дипломатиялык мамиле атайын өкүлдөр аркылуу жүргүзүлөт.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7