Бактрия

Википедия дан

Бактрия, Бактриана - Аму дарыянын ортоңку жана жогорку агымындагы байыркы тарыхый аймак. Азыркы Өзбекстан менен Тажикстандын түштүк жана Афганстандын түндүк областарын камтыган. Бактриянын түндүгү Согд аймагы, түштүгү жана түштүк-чыгышы Арахосия жана Гандхара, батышы Маргиана менен чектешкен. Бактрия Орто Азиядагы дыйканчылык маданиятынын жана мамлекеттүүлүк келип чыккан цивилизадиянын байыркы борборунун бири. Бактрияанын негизги шаары болгон. Б. з. ч. 6-4-кылымда Б. Ахемениддер державасынын, андан соң Александр Македонскийдин империясынын курамына кирген. Анын империясы кыйраган соң Бактриянын аймагында Грек Бактрия падышалыгы түзүлгөн. Кийинчерээк Бактрия жана Согд аймагында тохар уруулары тарабынан негизделген Еушан падышачылыгы түптөлгөн. Тохарлардын атынан бул аймак кийин Тохарстан аталып калган Бактрия Азиядагы байыркы көркөм мададанияттын өнүккөн борборунун бири. Мындан жергиликтуу жана алынып келинген көркөм буюмдардан турган Амударыя казынасы (б. з. ч. 4-2-к) табылган...

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4