Унитаризм

Википедия дан

Унитаризм (лат. unitas – биримдик) – мамлекеттин аймактык уюштурулушунун эки таризинин бири. Анын бөлүктөрүнүн басымдуу көпчүлүгү мамлекеттик түзүлүш статусуна ээ болбосо, андай мамлекет унитардык (бирдиктүү, жөнөкөй) мамлекет болуп эсептелет. Унитардык мамлекеттин курамында өз мамлекеттүүлүгүнүн көп белгилери бар, өзүнчө автономдук түзүлүштөр (м.: унитардык Украинанын курамында Кырым Республикасынын болгону) болушу мүмкүн. Эреже катары, анда бир эле конституция, бир эле жарандык, жогорку бийлик органдарынын бир эле тутуму болот. Унитардык мамлекеттердин 2 түрү бар: борборлоштурулбаган жана борборлоштурулган. Биринчи түргө аймактык органдары борбордук органдарга көзкарандысыз түзүлгөн (Улуу Британия, Жаңы Зеландия, Япония, Испания, Италия) мамлекеттер кирет. Экинчи түргө аймактык органдары борбордон дайындалган кызмат адамдары тарабынан жетектелүүчү (Нидерланды, Казакстан, Өзбекстан) мамлекеттер кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]