Эне-Сай кыргыз кагандыгы
Бул макаланы «Кыргыз кагандыгы, Энесай Кыргыз кагандыгы» макаласы менен бириктирүү сунушталууда. |
Эне-Сай кыргыз кагандыгы . (VII-VIII)
Жалпы маалыматтар. III-VI кк. кыргыздардын саясий тарыхында көз каранды эместик үчүн күрөшү туруктуу болгон. Б.з. IV к. тартып кыргыздар Саян тоосунун түндүгүндөгү Эне-Сайдын ортоңку агымындагы (Миң-Өзөн ойдуңу) жерлерди байырлап тургандыгын билебиз V к. аягында кыргыз уруулары бирикмесинин ордуна Эне-Сай Кыргыз кагандыгы түзүлгөн. Бул кагандык кайсы жылдары ким тарабынан курулгандыгы жөнүндө так маалымат жок. Кыргыз кагандыгы Борбордук Азиянын көчмөндөрүнүн көбүнөн элдин саны, аскеринин күчү, байлыгы, уюшулушу жагынан артта болгон. Ошол себептен 554-555-жж. аларды Түрк кагандыгын уюштурган Бумын өлгөндөн кийин анын ордун баскан иниси Мухан каганга баш ийишкен. Эне-Сайлык кыргыздар чет элдик эзүүдөн кутулуш үчүн күч топ-тойт, бирок аракет ийгиликсиз аяктаган. Кыргыздар салык катары өздөрү жасаган «албарс миздүү куралдарды» берип турушкан. Мындай жоо-жарактардын наркы, сапаты түрктөргө мурдатан белгилүү болгон, анткени аларды кыргыздар такай түрктөргө соодалап, сатып келишкен. Ошентип Миң-Өзөн ойдуну Түрк кагандыгы үчүн темир эритип, жоо-жарак жасай турган базага айланат.
Биздин замандын VI к. түштүк Сибирде Эне-Сай кыргыздарынын мамлекети – Саян Алтай аймагындагы биринчи малекеттик түзүлүштөрүнүн бири болгон. Түштүк Сибирь кыргыздарынын жайгашкан негизги аймагы Орто Эне-Сай бассейнинен Саян тоо кыркаларынан түндүккө карай кеткен Минусин ойдуңунун ээн талааларын түзгөн. Эне-Сайлык кыргыздардын мамлекетинин негизги мезгили башкы тарыхый доорго –алгачкы түрк мезгилине (б. з. VI-X к башталышы) – Түштүк Сибирдин, Алтайдын жана Орто Азиянын кеңири мейкиндеринде азыркы түрк тилинде сүйлөгөн элдердин – кыргыз, казак, тува, алтай. жана башкалардын ата-бабаларынын түзүлүшүнүн жана консолидациясынын башталышына негиз салуучу этникалык бирикменин түзүлүш дооруна кирет. Эне-Сай кыргыздарынын биригиши байыркы түрк мезгилинин үч тарыхый-маданий областтардын бирөөнөн түзүлгөн. Алгачкы түрк мезгилиндеги урууларынын этникалык айырмачылыктарына түрлүү территориялык зоналарда жайланышканына, аралыктары эбегейсиз ыраак болгонуна карабастан, комплекстүү жалпы белгилери окшош болгон. Бул болсо, куралдарынын, ат жабдыктарынын, үй турмушунун окшоштугу, кооздук буюмдарынын окшоштугу жана алгачкы түрк маданиятынын жалпы окшоштугу – руникалык жазма болгон. Алгачкы Эне-Сай кыргыздарынын саясий жана социалдык-экономикалык тарыхы анын түштүк коңшуларынын тарыхы менен тыгыз байланыштуу болгон. Татар окумуштуусу А.Атласовдун «Сибириа тарыхы» деген китебинде: VI к. аягында, кыргыздар өтө күчтүү өкмөт курган. Анын чек арасы чыгышта Байкал көлүнө, Түштүктө Чыгыш Түркстанга чейинки аралыкка чейин созулган деп жазат. Бул чек ара канча даражада чындыкка жакын экендиги күмөн. Кытайлык кыргыз тарыхчысы Анвар Байтурдун Кыргыз кагандыгы V к. 80-ж ичинде түзүлүп, VI к. биринчи жарымында калыптанган деген пикири туура болсо керек. Анткени V к. аягында кыргыздар жашаган аймакта дөөлөс урууларына күчтүү бийлик жүргүзүп турган Жужандар алсырай баштаган. Мындай саясий жагдай кыргыз кагандыгы бийлигинин андан ары бекемделишине, социалдык-экономикалык жактан чындалышына шарт түзгөн. Түрк мамлекети тыйылбаган ички ыйкы-тыйкылардын айынан биримдигинен кете баштайт, акыры 581-ж. биринчи Түрк кагандыгы экиге бөлүнөт (Чыгыш Түрк кагандыгы жана Батыш Түрк кагандыгы). 630-ж. Чыгыш Түрк кагандыгы кулагандан кийин аз убакытка болсо да Эне-Сай Кыргыз кагандыгы эркиндикке ээ болгон. Бул мезгилде кыпчактардын ата-бабалары болгон си (сеянто) уруулары күчөп, алардын каганы Йенчу Билге чыгыш түрктөрдүн жерлерин Алтай, Хинган, Гоби, Керулен жана Эне-Сайды дээрлик ээлеп алган. Көп узабай эле 646-ж. си (сеянто) уйгурлар тарабынан толук талкаланган. Кыргыздар кайрадан ирдене баштайт. Ушул учурдан пайдаланып кыргыздар Таң империясы менен түздөн-түз алака түзүүнү чечишет. 648-ж. күч-кубаты күчөп турган Кытайга биринчи элчиликти жиберишет. Элчиликтин башчысы болуп барган Шибоцуй Ачжанды император жылуу кабыл алып, арнап той өткөзүп ага жогорку аскер чинин ыйгарып, Мзян-кун аймагынын генерал-губернатору кылып жарыялайт.
Кыргыздар Кытайдын букаралыгына өткөнү менен иш жүзүндө Таң ордосу кыргыз өлкөсүндө реалдуу бийликке ээ болгон эмес. Кыргыздар андан кийинки жылдардын аралыгында Кытайга бир нече жолу элчилерин жиберип, жылкы айдап барып, аларды ар түрдүү товарларга, негизинен шайы, жибек кездемелерине айырбаштап кетип турушкан. Ошентип, кыргыз башкаруучулары империянын колдоосун көчмөндөрдун арасында өз абалдарын күчөтүү учүн пайдаланышкан. Ошол эле учурда аскер күчтөрүн түзүү башталат. Бардык аймак алты округга (бага) бөлүнүп, аларды башкаруу системасы жакшырып, мамлекет социалдык-экономикалык жактан акырындап күч ала баштаган.
Борбордук Азиядагы саясий жагдай кескин өзгөрүп турган кезде кыргыздарга Барсбек Ажо башчылык кылган. Ал эми Орхон түрктөрүн (Монголияда) Тан империясынын эзүүсүнө каршы көтөрүлүшкө баштап чыккан. Алар талаада кытай аскерлерин жана алардын союздаштарын бир нече жеңилүүлөргө учуратышкан. Эски Ашина династиясынын мүчөсү Кутлуг башчылык кылган түрктөр Экинчи Түрк кагандыгын түзүшөт. Кыргыздар, башка талаа элдери сыяктуу эле, үстүртөн болгон кытай бийлигинин ордуна аларга үстөмдүк кыла турган күчтүү мамлекеттин болушун каалашкан эмес. Алар Баз кагандын тогуз огуздары, курыкандар, кытайлар, татарлар менен биргелешип Тан империясынын союздаштары болуп чыгышкан. 688-ж. чыгыш түрктөр Баз кагандын коалициясын талкалашып, толук бойдон талаанын ээси болуп калышты. Кыргыздар бул салгылашууга катышкан эмес, ошондуктан өздөрүнүн аскерлерин сактап калышат. Барсбек ажо Түрк кагандыгынын түндүк чек араларындагы түрктөргө каршы күчтөргө башчылык кылып калды. 688-ж. кийин көп убакыт өтпөй Барсбек кыргыздардын күчүн баамдап, маанилуү саясий актыны жасады. Ал Ынанчу Алп Билге деген такты наамын кагандык титулу менен кошо кабыл алды. Мына ошентип, кыргыздардын каганы Борбордук Азияда үстөмдүк кылууга ачыктан-ачык доо коюп, Түрк кагандыгына чакырык таштаган болучу.
Түрктөрдүн каганы Капаган (693-716-жж.) кыргыздардын коркунучун жоюуну чечет. Түрктөрдүн Энесайге карай Билге башчылык кылган биринчи жортуулу ийгиликсиз аяктайг. Аскерлер кыргыздардын чек арасына жеткен кезде токтотулган. Натыйжада каршылашкандар тынчтык келишимин түзүшкөн. Анын шартына ылайык Капаган Барсбекти каган деп таанып, ага өз жээнин аялдыкка берген. Калыбы, кыргыздар Түрк кагандыгы менен ниеттеш болууга сөз берген окшойт. Бул келишим Барсбек каган Ынанчы Алп Билгенин абалын закондоштурду жана бекемдеди, бирок анын алысты көздөгөн доолорун чечкен жок.
VIII к. башында күчөгөн Барсбек түрктөргө каршы акгивдүү тышкы саясатты жүргүзгөн. 707-709-жж. ал ошол кезде түрктөр менен согушуп жаткан Кытайга эки элчиликти жиберген. Түрктөргө каршы союзду уюштуруу боюнча Барсбектин дипломатиялык демилгеси Түргөш кагандыгына да тараган. Чүй өрөөнүндөгү түргөштөргө Эзгене башчылык кылган элчилик жиберилет. Кыскасы, кыргыздардын каганынын дипломатиялык аракеттери ийгиликтүү болгон. 709-ж. карата ал түрктөргө каршы кубаттуу коалицияны түзө алган. Ага Таң империясы жана Түргөш кагандыгы кирген. Түрк кагандыгынын саясий жана ири аскер ишмерлеринин бири Тон-йокук Борбордук Азияда түзүлгөн саясий жагдайга мындайча баа берген экен. "Табгач (кытайлык) каганы биздин душманыбыз эле. Он ок (түргөштөрдүн) каганы биздин душманыбыз. Бирок биздин баарынан чоң душманыбыз кыргыздардын күчтүү каганы болгон".
Түрктөр күтүп отурбай союздаштарга биринчи болуп кол салып, аларды жалгыздап талкалоону чечишти. Жогоруда келтирилген тексттен талаа гегемону учүн баарынан чон коркунучтуу душман алыскы кытайлар жана түргөштөр эмес, кыргыздар болгондуктан биринчи чабуулду ошолордон баштаган. 709-ж. түрктөрдүн кошууну Энесайдин баш жагынан кечип өтүп, кыргыздарга союздаш чик жана аз урууларын талкалап, Туваны ээлешкен да, аны кыргыздарга чабуул коюу үчүн плацдармага айландырышкан.
Кыргыздар Тувадан Эне-Сайга капчыгай аркылуу кеткен башкы жолду бийик кыр менен тосуп коюшкан (анын калдыктары ушул убакка чейин сакталып калган). Мындан эч кандай армия өгө алмак эмес. Барсбек Саяндагы башкы маанилүү ашууларды да ээлеп, толук коопсуздукту камсыз кылдым деп ойлоп, союздаштарынын жардамын күтүл калган. Бирок түргөштөр да, кытайлар да кыргыздарды колдоп чыгышкан жок. Алар Барсбек жөнүндө ойлошпой, өз чектерин коргоо менен гана чектелишкен. Айласы түгөнгөн Барсбек күчтүү Түрк кагандыгы менен беттешүүдө жападан жалгыз калып, саясий багытын өзгөртүүнү чечет. 710-ж. күзүнөн кечиктирбей ал Тань империясына жана түргөштөрдүн мамлекетине, Тибетке элчиликтерди жиберет. Кыргыздардын күчтүү болшар уруусунан чыккан Эрен Улуг элчиликке башчылык кылган. Тажрыйбалуу дилломат кыргыздардын чет өлкөлөргө жиберилген төрт элчилигине катышкан. Ал бул үчүн Барсбек тарабынан өзгөчө белгиленген. Албетте, кыргыз каганы Эрен-Улугдун элчилиги жөнүндө Кыгайды кабардар кылган эмес, бирок ал тууралуу маалыматтар көчмөндөрдүл арасында атайылап эле кенири таркатылган. Калыбы, бул түрктөрдү коркутуу үчүн эмес көбүнчө Кытайдын жана түргөштөрдүн согуш аракеттерин активдештирүү үчун жасалган болуу керек, Бирок кеч болул калган эле. Эрен-Улуг белгисиз себептер менен бөтөн жерде өлгөн. Тибет Барсбекке союздаш болул калган жок. Кытайлар менен түргөштөр жортуулга чыгышлады, түрктөр болсо аракеттерин ыкчамдатты.
Түрк колбашчылары жан аябаган кадамды жасоону, Саян кырка тоолорундагы кыргыздар коргоп турган жолдорду айланып өтүп, кышкы ызгаарга карабай кыйын жол менен өтүүнү чечишти. Бул жортуулга түрктөрдун келечектеги каганы Билге жана анын баатыр бир тууганы Күлтегин катышкан, бирок ага иш жүзүндө кары жана тажрыйбалуу Тон-йокук башчылык кылган. Ал жергиликтүү элден чыккынчыны издеп табат. Жол көрсөткүч өзүнүн шоруна түрктөрдүн аскерлерин бийик тоолордогу жашыруун жалгыз аяк жол менен Миң-Өзөн ойдуңуна алып барууга макул болгон. Албетте кыш күрөөдө Саян тоосу аркылуу өтүү чоң эрдикти талап кылган. Түрктөрдүн ойлогону ордунан чыкты. 710-711-жж. кышында алардын аскерлери кыргыздарды күтүлбөгөн жерден каптап киришти. Биринчи салгылашуу түн ичинде болду. Тон-йокукка арналган жазууда жортуулдун кыйынчылыгын мындайча сүрөттөлөт: "Биз кыргыздарга уйкуда жатканда кол салдык... жолду найзалар менен салдык" деп белгилеген байыркы түрктөрдүн руна сымал жазуусу бар эстелигинде. Кыргыздардын негизги күчтөрү талкаланган болучу. Барсбек аман калган колун Суңга токоюна (азыркы Тувада) топтоп, өжөрлүк менен каршылык көрсөттү. Айыгышкан катуу салгылашуу бир жумага созулду. Мында Күлтегин үстөмдүк кылды. Кыргыздар толук кыйратылды. Барсбек бетме-бет салгылашууда курман болду. Анын сөөгүн кыргыздардын байыркы салты боюнча сый менен коюуга да мүмкүн болбоду. Мунун өзү Алтын-Көлдөгү эпитафияда белгиленген болучу. Уруулаштары баатыр кагандын урматына адам боюнан бийик чоң жалпак ташты орнотушту, кыргыздар анын курман болушуна байланыштуу азасын кыргыз жазуусу менен билдиришкен. Суңганын алдындагы салгылашууда кыргыздардын жеңилиши, калыбы анын мамлекетин эң олуттуу кесепеттерге алып келген окшойт. Анкени, ошондон кийинки кырк жылдан ашуун убакыттын ичинде кыргыздар Борбордук Азиядагы согуш аракеттерине катышкан эмес. Мамлекеттин башына кыргыздардан аким коюлганына карабастан, ал Түрк кагандыгы кулаганга чейин иш жүзүндө ага көз каранды болуп турган.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Асанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. - Б., 2010.