Омар Хайям

Wikipedia дан

Омар Хайям Гиясаддин Абу-ль-Фатх ибн Ибрахим (1048-ж. чен, Нишапур – 1122-жылдан кийин, ошол эле жер) – фарси жана тажик акыны, математик, философ. Омар Хайямдын өмүрүнүн көбү Орто Азия жана Иран, Балх, Самарканд, Исфахан ж. б. шаарларда өткөн. Философияда Аристотель менен Ибн Синанын жолун жолдогон. Математика боюнча Омар Хайямдын бизге жеткен эмгектери аны улуу окумуштуу катары мүнөздөйт. Математикалык трактатында теңдемелердин чыгарылышын 3-даражасына чейинки геом. формада системага салган. «Евклид китебинин татаал жоболоруна түшүндүрмө» аттуу трактатынын мазмунун параллелдер жөнүндөгү оригиналдуу теория түзөт. Омар Хайям акын катары дүйнөгө рубаилери (төрт саптар) менен таанылган. Ал төрт саптардын канчасы Омар Хайямга тиешелүү экени алигиче тактала элек. Омар Хайямдын лирикасы фарси-тажик поэзиясынын жалпы агымынан кескин бөлүнүп турат. Анын поэзиясында өлгөндөрдүн чөпкө айланышы жана чөп менен жандуулардын тамактанышы түбөлүк кыймылдагы материя жөнүндө каңкуулап, дүйнө менен жеке адамдын байланышы айкындалат; шарап даңазаланып, тиги дүйнөдө жашоо жок дегендей тыянак чыгарылат. Рубаилердин негизги идеясы – сопусунгандарды ашкерелөө, эки жүздүүлүктү жек көрүү, пенденин эркиндигин жактоо. Омар Хайям көп учурда ырларынын лирикалык каарманын эркин пенде катары көрсөткөн. Анын каарманы – бунтчул жана зордук-зомбулукка келишпес, кудайсыз. Бирок Омар Хайямдын чыгармаларында татаал жана карама-каршы маселелер бир кыйла. Изилдөөчүлөр тарабынан анын рубаилери карама-каршылыктуу талданып жүргөндүгү ушуну менен түшүндүрүлөт. Чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]