Поэзия (ыр)

Википедия дан

Поэзия (грек. – жаратамын, чыгарамын)
1. Байыркы заманда жалпы эле көркөм адабият, сөз өнөрү поэзия деп аталган. Көркөм кара сөз (проза) түзүлгөндөн кийин, поэзия деген термин ыр менен жазылган чыгармаларды гана билгизип калды.
2. Көркөм адабияттын прозалык чыгармалардан айырмаланып, ыр түзүлүшүнө негизделип жазылган түрү. Элдик эпос, лирика, ыр түрүндөгү драмалык чыгармалардын баары поэзияга кирет. Кыргыз элинин поэзиясы өтө узак мезгилдерден бери эпосто, поэмада, ырда өнүгүп келген. Ырга мүнөздүү көрүнүштөр ыргак, муун, муунак, уйкаштык, строфа – поэзия чыгармаларын жаратуунун негизги касиети.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү, Бишкек - 1994.