Эпос

Википедия дан

Эпос ( гр. – сүйлөө, айтуу ) (Кыргызча: дастан)

Эпостордо элдин тарыхый турмушу, маданий-социалдык абалы, карым-катнашы, үрп-адаты, келечектен күткөн тилеги кеңири чагылдырылат. Байыркы эпостордо мифологиялык белгилер күчтүү болсо, улам мезгил өткөн сайын эпостор адам турмушунун реалдуу көрүнүштөрүнө жакындап олтурганын байкоого болот. Эпос дүйнөнүн көптөгөн элдерине мүнөздүү болсо да, кыргыз элинде алардын өзгөчө залкар үлгүлөрү бар. Кыргыз эпосторун көлөмүнө, андагы окуялардын камтылышына карап шарттуу түрдө улуу (чоң) эпос (Манас эпосу) жана кенже (кичине) эпостор («Манаска» салыштырмалуу башка эпостор) деп экиге бөлөбүз. Ал эми идеясына, окуялардын мүнөзүнө жараша баатырдык жана турмуштук-социалдык деп эки жикке ажыратылат. Баатырдык эпостордун мазмунун башкы каармандардын сырттан келген баскынчыларга жана ички душмандарга каршы күрөшү түзөт да, элдик баатырдын айланасына элдик идеалдагы бүтүндөй оң сапаттардын баары топтолот. Мындай посторго "Манас", "Эр Тоштук", «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Шырдакбек», «Эр Табылды», «Жаңыл Мырза» ж. б. кирет. Турмуштук-социалдык эпостордо эл турмушунун ар кандай жактары – эркин сүйүүгө умтулуусу, эски салтка каршы күрөшү, бийлик талашуулары ж. б. ар түрдүү кырдаалдардагы жашоо-тиричиликке байланышкан окуялары сүрөттөлөт. Кыргыздардын ата-бабалары урпактарына социалдык-турмуштук мазмундагы: “Саринжи-Бөкөй”, “Кедейкан”, “Кожожаш”, “Олжобай менен Кишимжан” ж. б. эпосторун калтырды. Эпостор төкмө акындар же атайын айтуучулар тарабынан искусствонун башка түрлөрүнүн (комуз, ооз комуз, ар кандай обондор, синкретизм) жардамы менен элге жетип турган.

Эпос тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Одиссея.

Эпос (грекче epos — сөз, кеп, баян) — элдин башынан өткөргөн баатырдык иштерин даңазалаган ыр түрүндөгү эпикалык чыгарма. Э-то элдин, улуттун, өлкөнүн тагдырын чече турган зор окуялар көркөм сүрөттөлөт. Эпопея тарыхый бөтөнчө шартта жаралат. Ал тарыхый шартта адам өзүн коомдон бөлүп карабайт, өзүнүн жеке кызыкчылыгын коомдун кызыкчылыгынан ажыратпайт. Э-тун мазмунун улуттун тарыхындагы баатырдык окуялар түзөт. Алгачкы баатырдык эпосто элдин мифтик түшүнүктөрү кеңири орун алган. Кыргыздарда мифтик көөнө баатырдык эпостор да бар. Алардын мыкты үлгүлөрү — «Эр Төштүк», «Кожожаш». Буларда мифтик баатырдык эпостун мүнөздүү белгилери кеңири сакталган. К. Маркс байыркы гректердин баатырдык эпосторунун арсеналы гана эмес, негизин да байыркы грек мифтери түзгөнүн баса белгилеген. «Илиада», «Одиссея» өңдүү эпостор «адамзаттын балалык доорунда» гана жаралышы мүмкүн. Ал мезгилде турмуш «поэзия жана проза» болуп бөлүнө элек, социалдык карама-каршылыктар анча ачык билине элек болот. Ошондуктан, аңгемечи, жомокчу чыгармасын өзүнүн атынан гана эмес, мекендештеринин атынан баяндайт. «Элдүүлүк — эпикалык поэманын бирден бир негизги шарты» (В. Г. Белинский). Баатырдык Э-то жомокчу жалпы элдик, улуттук ой-сезимдерди билдирген адам катары аракеттенет. Э-ко турмушту кеңири, ар тараптан көркөм сүрөттөп берүү мүнөздүү. Байыркы Грециянын бүт турмушу (үрп-адаты, салты, ишеними, рухий түшүнүктөрү жана башкалар) Гомердин чыгармачылыгында кандай көркөм чагылса, кыргыздардын «Манас» Э-унда да кеңири масштабда сүрөттөлөт. Байыркы гректер, ошондой эле кыргыздар өзүлөрүнүн баатырдык Э-торунан өздөрүн кызыктырган бардык суроолорго жооп алышкан. «Манас», «Илиада» өңдүү Э-тордо улуттук аң-сезимдин бардык олуттуу жактары көркөм баяндалган. Демек, «Манас», «Илиада» өңдүү эпопеялар чыныгы кайраткердик, эрдик, баатырдык жогору бааланып, айрыкча көркөм даңкталат. Мына ушуга байланыштуу «Манас», «Илиада», «Одиссея» жана башкалар Э-тордун негизги мазмунун согуштук окуялар түзгөндүгү бекер эмес. Согуштук конфликт, согуштук кагылыштар баатырдык доордо жашашкан элдердин кулк-мүнөзүн бөтөнчө ачып, алардын жашоо турмушундагы олуттуу өзгөчөлүктөрдү кеңири көркөм баяндоого шарт түзгөндүгүн көрөбүз. Э-то коомдун жана улуттук мүнөздүн олуттуу белгилери сөзсүз орун алат.

Баатырдык Э-тун сюжеттик курулушу, композициялык түзүлүшү, образдар системасы, көркөм формасы да бир катар мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ. Дүйнөгө белгилүү «Манас», «Шах-Намэ» өңдүү чыгармалар кеңири сюжеттүү, окуяларга бай, көп каармандуу, ар түрдүү көркөм каражаттарга өтө бай. Мисалы, «Манас» эпосу — генеалогиялык циклдештирүү принциби боюнча өнүккөн чыгарма. Эпос Манас баатырдын эрдиги менен башталып, анын уулу Семетей, небереси Сейтектин эрдиги менен бүтөт. Улуу манасчы Саякбайдын варианты боюнча Манас баатырдын беш муунуна чейин баяндалат. Ал эми Кытай жеринде жашаган Жусуп Мамай «Манас» эпосун сегиз муунга чейин жеткирет. «Манас» эпосунун ар бир бөлүгү — өзүнчө жеке мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ болгон бир бүтүн чыгарма. Чыгарманын ар бир бөлүгү биографиялык циклдештирүү принциби боюнча өнүгөт. Эпостун сюжети Манас баатырдын өмүрүнө байланыштуу негизги өзөк окуялардын айланасында өнүгөт. Башка кошумча окуялар мына ушул негизги окуяларга баш ийип, аларды толуктап турат. «Манас» эпосундагы эпикалык борбор — Манас баатырдын образы, калган образдар ушул негизги, башкы образдын тегерегине топтолот.

Коомдук турмуштун өзгөрүшү менен Э-тун мүнөзү, мазмуну өзгөрөт. «Манас», «Илиада» өңдүү эпостордо белгилүү бир доордо элдик чыгармалар катары бааланып, баркталып, муундан муунга өтүп келе жатат. Баатырдык Э-то элдин мүнөзүндө бөтөнчө белгилер: жашаган элдердин турмушка, дүйнөгө болгон көз караштары, мамилелери, көз карандысыздык үчүн күрөшү эпикалык планда көркөм чагылдырылгандыктан ар бири өзгөчө кайталангыс мүнөзгө, өзгөчөлүккө ээ. Анткени, ушул чыгармалар жаралган ошол мезгил, доор, байыркы адамдардын жашоо турмушу да кайталангыс. Коомдук турмуштун өзгөрүшү менен Э-тун мазмуну да өзгөрөт, ар түрдүү темадагы чыгармалар жаралат. Өнүккөн жазма адабияты болбогон көчмөн элдерде негизинен баатырдык мазмундагы Э-тор өнүгүп келген. Кыргыздарда «Манас» эпосунан тышкары «кенже баатырдык эпос» деген ат менен белгилүү болгон «Курманбек», «Жаныш-Байыш», «Эр Солтоной» сыяктуу чыгармалар бар. Бул эпостордо кыргыз элинин жашоосундагы кийинки тарыхый доорлор көркөм баяндалган. Булардагы негизги тема да элдин сырттан басып кирген душмандарга каршы күрөшү. «Манаста» мифтик, фантастикалык сюжеттер, образдар арбын учураса, кенже баатырдык Э-то негизинен реалдуу тарыхый окуялар көркөм сүрөттөлөт.

Э. элдердин коомдук турмушунда бөтөнчө олуттуу көркөм мааниге ээ кеңири тараган эпикалык чыгармалардын бири. Коомдук турмуштун өнүгүшү менен бирге социалдык карама-каршылыктардын күч алышы «Манас», «Илиада» өңдүү чыгармалардын жаралышына объективдүү шарттар түзүлө баштайт. Кийин улуттук-боштондук согуштарды, пролетариаттын боштондук кыймылдарынын таасири менен эпостун жаңы үлгүлөрү пайда болот. Ошентип, эпостун эң негизги белгиси — анда сүрөттөлгөн окуя мекендин, элдин, улуттун тагдырын чечет, анын башкы каарманы өзүнүн бүт өмүрүн, күч-кубатын патриоттук идеяны ишке ашырууга жумшайт (к. Патриоттуулук). Башкы каармандын бүт кызыкчылыгы эл-жердин кызыкчылыгы менен дал келет. Ошондуктан, образ жеке мүнөзгө ээ болуу менен бирге элдин мүнөзүндөгү бардык жакшы сапаттарды өзүнө кап, чыныгы типтүү образ болуп калат (к. Тип, Типтүүлүк).

Эпос бир, эле доордун көркөм дүйнөсү болбостон анда көптөгөн доорлорго мүнөздүү касиеттери орун алат. Э-тун эстетикалык, тарыхый, философиялык мааниси өтө зор.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4