Мифология

Википедия дан
Мифология.

Мифология (байыркы грекче «миф» уламыш, болумуш жана «логос» - сөз, аңгеме; илим) мифтерди чогултуп жана аларды изилдөөчү илим. Алгачкы коомдогу адамдардын өздөрүн курчап турган дүйнөгө болгон эң жөнөкөй фантастикалуу түшүнүктөрү: мисалы, бардык элдердин өнүгүүсүнүн алгачкы мезгилдеринде пайда болгон. Мифологиянын чагылышына адамдардын эң алгачкы диндик түшүнүктөрү: фетишизм, анимизм, тотемизм, магия жана башка чоң таасирин тийгизген. Адамдар ар кыл табият кубулуштарын түшүндүрүүгө дүйнөнүн жаралышы, күн, жылдыз, ай, адам, деңиз, суу, жаныбарлар, өсүмдүк, жаратылыштагы кырсыктар жана башка жөнүндө көптөгөн мифтерди чыгарышкан. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында ошондой эле «Манас» эпосунда да мифтик окуялар, түшүнүктөр жаныбарлар дүйнөсү менен байланышкан мифологиялык сюжеттер кеңири чагылдырылат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Манас энциклопедия II., Манастын сюжети – ярупа. Бишкек, 1995