Ыр
Ыр– белгилүү бир ыргак менен айтылуучу, поэзиянын талабы менен түзүлгөн сөз тизмектери. Ыр өз мыйзамдарына ылайык рифмага, ритмге, интонацияга, синтаксиске ээ. Ырдын мындай касиеттери, өзгөчөлүктөрү аны кара сөздөн айырмалап турат. Кыргыз тилинде ыр негизинен үч мааниде колдонулуп, орус тилиндеги “стих”, “стихотворение”, “песня” деген терминдердин маанилерин туюнтат. Ырдын прозадан айырмаланып турушу анын туруктуу ритмикалык курулушуна, муун өлчөмүнө жана кайталанган уйкашына байланыштуу.[1]
Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]
"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004