Ыргак

Википедия дан

Ыргак (Ритм) — кандайдыр бир кыймылдын, иш-аракеттин бир убакытта, белгилүү өлчөмдө, кайра-кайра кайталанып турушу. "Манас" айтуунун да өзүнчө Ы-ы бар, манасчынын үндү чыгаруу; кайталоо, үндү созуу, обондотуу процесстеринин, эпосту аткаруу учурундагы кыймыл-аракети да, өзүнчө бир Ы-ка ээ. Булар Ы. түшүнүгүнүн кеңири мааниде колдонулушу. Ал эми термин тар маанисинде Ы. ырдын уюштуруу каражаты. Ырды ыр катары көрсөткөн нерсе — Ы. "Кыргыз ырларында ритмдин жаралышы үчүн эки ритмикалык бирдиктин, мындайча айтканда, эки жолудан параллелдүү колдонулушу жетиштүү. Эки жол ыр — кыргыз поэзиясындагы ритмикалык бирдиктердин катар колдонулушундагы эң төмөнкү чеги, ошону менен бирге конкреттүү ритмдин жаралышына мүмкүндүк түзүүчү эң алгачкы зарыл базасы.

Ритм — бул түрдүү окшош көрүнүштөрдүн катарынан кайталанышы. Окшош көрүнүштөр белгилүү тартипте, белгилүү көлөмдө кезектешип кайталанмайынча ритм да чыкпайт" (К. Рысалиев, Кыргыз ырларынын түзүлүшү. Фр., 1965, 14-б.). Демек, "Манастын ыр Ы-ын түзүүчү каражат эки же андан ашык ыр жолдорунун катар келиши жана биринчи сап канча муундан, канча муунактан (муун топтору Ы-тык бөлүк) турса кийинки саптарда да ага дал келген муун жана муунак болууга тийиш.

Мисалы, Катындар ыйлап чуркурап, деген сапта сегиз муун, үч муунак, биринчи муунакта (катындар) —3 муун, экинчи муунакта (ыйлап) —2 муун, үчүнчү муунакта (чуркурап) —3 муун бар.

Тексттеги кийинки сап да ошончо муундан, муунактан турат:

катындар ыйлап чуркурап,

Балдары ыйлап чыркырап.

Мында Ы-ты түзгөн каражат муундун жана муунактардын санынын бирдейлиги (3— —2—3=8). Эгерде муун сандары туура келбеген, муунактардагы муундардын топтолушу да башкача болгон саптарда Ы-туулук бузулат, "Манастын " Ы-ы башынан аягына чейин бирдей тартипте болбойт, муун саны жана муунак өзгөрүп турат, башкача айтканда манасчы бир Ы-тан экинчи Ы-ка өтөт. Бардык тилдеги ырларга Ы. мүнөздүү ар бир тилдин фонетикалык, грамматикалык мыйзамдарына ылайык түзүлүп, анын түзүлүш каражаттары бирдей эмес.

Кыргыз ырлары муунчул ыр түзүлүшү "Манас" эпосунун Ы-ы да муун санынын, муунактардын бирдейлигинен жана эки же андан ашык саптардын катар келишинен жаралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4