Рифма

Википедия дан

Рифма (гр.— өлчөм, уйкаш) — эки же андай артык ыр саптарындагы айрым тыбыштык үндөштүгү, окшошуулар уйкаштык деп аталат. Уйкаштык ыр түрүндөгү чыгармаларга мүнөздүү, ал ырдын ритмине, интонациясына, синтаксистик-лексикалык түзүлүшүнө таасирин тийгизет, ырды кара сөздөн айырмалап, ага өзүнчө өзгөчөлүк киргизет. Рифма сүйлөөчүнүн сөзүнүн таасирдүүлүгүн, угумдуулугун күчөтөт. Кыргыз эли өзгөчө оозеки чыгармачылыгында чоң маани беришкен. Макал-лакаптардан тартып, залкар океан — «Манаска» чейинки улуу мурастардын көпчүлүгүн уйкаштырып, ырга айлантышкан. Уйкаштык түзүү аябагандай зор талантты, билгичтикти талап кылат. Бардык эле уйкашкан сөздөр ыр боло бербейт. Ал үчүн чыгарманын жалпы маанисинен чыгып кетпей турган, зарыл болгон сөздөр же сөз айкаштары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]