Шекспир

Wikipedia дан
Шекспир Уильям
Hw-shakespeare.png
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Уильям Шекспир
Туулган жылы: 23-апрель 1564-жыл
Каза болгон жылы: 1616-жыл
Туулган жери: Эйвонадагы Стратфорт шаарчасы, Англия
Каза болгон жери: Эйвонадагы Стратфорд шаарчасы, Англия
Ишмердүүлүгү: драматург, театр режиссеру, театр актеру

Уильям Шекспир- англис элинин улуу драматургу, режиссер жана актер

Өмүр таржымалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Уильям Шекспир 1564 -жылы 23-апрелде Англия мамлекетинин Эйвонадагы Стратфорддун кичинекей бир шаарчасында, булгаары иштетишкен соодагер жана кол өнөрчүнүн үй-бүлөөсүндө туулган.
Жергиликтүү грамматикалык мектепте билим алган соң, Стратфордду таштап, Лондондогу лорд Стрэндждин театр труппасына кирип, адегенде аткана тазалагыч, андан соң театр жумушчусу, кийин ушул театрдын драматургу, режиссеру жана артисти болуп эмгектенген.
Өзү иштеген театрда чыгармаларын өзү сахналаштырган.
Шекспир орто кылымдагы Кайра жаралуу доорунда (Ренессанс доору) жашап, жүздөгөн пьесаларды жазган, бирок ушул кезге чейин сакталып калганы кырктай чыгарма.
Ал 1616-жылы Эйвонадагы Стратфорддо каза болгон.

Чыгармачылыгы[оңдоо | булагын оңдоо]

Шекспир негизинен драматургия жанрында эмгектенген.

Шекспирдин көзү тирүүсүндө 1601-жылы тартылган портрет

Анын чыгармачылыгы үч учурга бөлүнөт:

-оптимисттик;
-пессимисттик;
-романтикалык.
Оптимисттик мезгилинде комедиялары, “Ромео менен Жульетта” сыяктуу трагедияларынын тартып, Ричарддар, Генрихтер жөнүндө драмалары кирет.
Пессимисттик мезгили “Отелло”, “Гамлет”, “Король Лир”, “Макбет”, “Кориолан” ж.б.у.с улуу трагедияларын камтып турат.
Романткалык учуру “Бороон”, “Кышкы жомок”, “Цимбелин” сыяктуу жомокторун камтыйт.
Репертуардуулугу жагынан Шекспир ушул кезге чейин алдына бир дагы драматургду сала элек.
Чыгармалары дүйнө элдерининбаардык тилдерине (кыргыз тилинде да) которулган.
Кыргыз элине биринчи жолу Шекспирдин чыгармачылыгын 1942-жылы Кыргыз мамлекеттик драма театры тартуулаган, “Он экинчи түн” комедиясы аркылуу.
Кыргыз театрлары “Он экинчи түн”, “Отелло”, “Король Лир”, “Ромео менен Жульетта”, “Гамлет”, “Ричард III”, ”Макбет” ж.б. чыгармаларын сахналаштырган.